Элчилик Шереметьеводо кармалып турган кыргызстандыктар боюнча Орусиянын ТИМине нота жиберди
- 3 года мурун
Кыргызстандын Орусиядагы элчилиги Шереметьево аэропортунда кармалып турган кыргызстандыктардын жагдайына байланыштуу Орусиянын Тышкы иштер министрлигине нота жиберди. Бул тууралуу элчиликтин маалыматына таянып «Азаттык» радиосу жазды.
Маалыматка караганда, ФСБ аты-жөнүн өзгөрткөн кишилерди аныкташ үчүн аэропортто текшерүү өткөрүп жатат.
Элчилик азырынча канча адам аэропортто экени жөнүндө маалымат берген жок. Алар Кыргызстандан учуп баргандар же кайтып келаткандар экени дагы белгисиз.
22-октябрда «Твиттерде» айрым колдонуучулар кыргызстандык бир топ жүргүнчү Москванын Шереметьево аэропортунда кармалып турганын жазышкан.
7-октябрда да аталган аба майданында Кыргызстандан барган ондогон жаран тыкыр текшерүүдөн өтүп, кыйла убакыт кармалган. Аларга укуктук жактан жардам берүү үчүн Кыргызстандын элчилигинен үч юрист барган.
Сүрөт: Интернет булактарынан алынды.