Элчи Шайлдабекова ЕККУ баш катчысына жана БУУ өкүлүнө ишеним грамоталарын тапшырды
- 2 месяца мурун
23-майда Австриядагы элчи, Венадагы эл аралык уюмдардагы туруктуу өкүлү Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Европадагы коопсуздук жана кызматташтык уюмундагы (ЕККУ) туруктуу өкүлү катары ЕККУнун башкы катчысы Феридун Синирлиоглуна ишеним грамотасын тапшырды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.ө
Жолугушуунун жүрүшүндө тараптар Кыргыз Республикасы менен ЕККУнун учурдагы мамилелери тууралуу пикир алмашып, кызматташтыкты мындан ары өнүктүрүү боюнча пландарды белгилешти.
Элчи Шайлдабекова кыргыз тараптын атынан ЕККУнун башкы катчыны Кыргызстанга расмий сапар менен келүүгө чакырды.
Өз кезегинде, Синирлиоглу ЕККУнун географиясында Борбор Азия аймагы маанилүү экендигин жана Борбор Азия мамлекеттери, анын ичинде Кыргызстан, негизги өнөктөштөр экенин баса белгилеп, өз ара кызыкчылыктуу маселелер боюнча активдүү кызматташууга даярдыгын билдирди.
Ошол эле күнү элчи Шайлдабекова Бириккен Улуттар Уюмунун Башкы катчысы Антониу Гутерриштин орун басары — Венадагы БУУнун бөлүмүнүн директору жана Бириккен Улуттар Уюмунун Баңгизаттар жана кылмыштуулук боюнча башкармалыгынын аткаруучу директору Гада Вали айымга туруктуу өкүл катары ишеним грамоиасын тапшырды.

Жолугушуунун жүрүшүндө Кыргыз Республикасы Венадагы БУУнун бөлүмүн негизги өнөктөштөрдүн бири катары эсептей тургандыгын жана Венадагы БУУ системасынын мекемелери менен активдүү өз ара аракеттенүүгө даяр экени белгиленди.
22-майда Кыргыз Нуржан Шайлдабекова Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин протокол департаментинин башчысы Максимилиан Хенниг мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырган.
Буга чейин Нуржан Шалдабекова БШКнын төрайымы болуп, кызматтан өз арызы менен бошотулган.
Сүрөттөр: ТИМ басма сөз кызматы