Элчи Шайлдабекова Австрияда ишеним грамоталарынын көчүрмөсүн тапшырды
- 2 месяца мурун
Кечээ, 22-майда, Кыргыз Республикасынын Австрия Республикасындагы элчиси Нуржан.Шайлдабекова Австриянын Европа жана эл аралык иштер боюнча Федералдык министрлигинин протокол департаментинин башчысы Максимилиан Хенниг мырзага ишеним грамоталарынын көчүрмөлөрүн тапшырды.
Бул тууралуу тышкы иштер министрлигинин басма сөз кызматы билдирди.
Анда эки тараптуу кызматташты жана аны өркүндөтүү маселелери талкууланды.
Тараптар мындан ары кызматташууну бекемдөөгө жана конкреттүү биргелешкен долбоорлорду ишке ашырууга даяр экендиктерин билдиришти, анын ичинде тоо туризми, энергетика, билим берүү, санариптештирүү ж.б. тармактарда.
Өз кезегинде, протокол департаментинин башчысы М.Хенниг элчи Нурдан Шайлдабекованы Австриядагы дипломатиялык миссиясынын башталышы менен куттуктап, ишине ийгиликтерди каалады.
Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчи, ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Буга чейин Нуржан Шалдабекова БШКнын төрайымы болуп, кызматтан өз арызы менен бошотулган.
Сүрөт: ТИМ