Нуржан Шайлдабекова БШК төрайымы кызматынан өз арызы менен бошотулду
- 1 месяц мурун
Бүгүн, 10-февралда, Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) жыйынында Нуржан Шайлдабекова өз арызы боюнча төраганын кызматынан кетүү тууралуу арызын берди. Аны Борбордук шайлоо комиссиясынын мүчөлөрү канааттандырды. Тынчтык Шайназаров БШК төрагасы болуп шайланды.
Бул тууралуу БШК билдирди.
Ачык добуш берүүнүн жыйынтыгында Тынчтык Шайназаров Борбордук шайлоо комиссиясынын жаңы төрагасы болуп шайланды.
Нуржан Шайлдабекова Борбордук шайлоо комиссиясын 2016-жылдан бери жетектеп келген.

Тынчтык Шайназаров 1974-жылы 27-февралда Ош облусунун Кара-Суу районундагы Мады айылында туулган. 1996-жылы Кыргыз Мамлекеттик Улуттук университетинин юридикалык факультетин юриспруденция адистиги боюнча аяктаган. 2021-жылдан ушул күнгө чейин Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук комиссиясынын төрагасынын орун басары болуп иштеген.
Жогорку Кеңештин депутаты болгон, Жалал-Абад шаарынын прокурору, тергөөчү ж.б. кызматтарда иштеген.
Сүрөттөр: shailoo.gov.kg