Нуржан Шайлдабекова Австриядагы элчи жана ЕККУдагы туруктуу өкүл болуп дайындалды
- 2 месяца мурун
Нуржан Шайлдабекова Кыргыз Республикасынын Австриядагы элчи, ЕККУдагы жана Вена шаарындагы башка эл аралык уюмдардагы Кыргыз Республикасынын туруктуу өкүлү болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койгонун президенттин басма сөз кызматы билдирди.
Төлөндү Макеев Кыргызстандын Австрия, Словакия жана Чехиядагы элчиси, ошонжой эле ЕККУдагы Кыргызстандын туруктуу өкүлү кыхматынан бошотулду.
Бул тууралуу жарлыкка президент Жапаров кол койду.
Буга чейин Нуржан Шалдабекова БШКнын төрайымы болуп, кызматтан өз арызы менен бошотулган.
Сүрөттө: Нуржан Шайлдабекова. shailoo gov.kg
Муну бөлүшүү