Элчи Садык Шернияз Францияда эки кыргызстандык баңгизат менен кармалганын айтты
- 1 год мурун
Бүгүн, 2-июнда, Жогорку Кеңештин эл аралык иштер, коргоо, коопсуздук жана миграция боюнча комитетинде өткөн жылдын отчетун берүү учурунда Кыргызстандын элчиси Садык Шер Нияз Францияда эки кыргызстандык баңгизат ташуу менен кармалгандыгын айтты.
-Францияда биздин эсептөөлөрдө кыргызстандык 2500дөй жаран бар, анын 50%ы Союз ураганда көчүп кеткен биринчи мигранттар, дээрлик көбү француз жарандары десек болот. Кыргызстандык жарандар туристтик багытта барышат. Көбүнчө туристтер паспорт жоготушат. Испания, Португалия, Марокко мамлекеттерин да биз координациялайбыз, ал жакка барган кыргызстандыктар да паспортторун жоготушат. Бир аз тынчсыздануу менен билдирип кетчү нерсе – Европада иштеген кыргызстандык айдоочулар Европаны кыдырып жүргөндө, Францияда эки маселе болду, баңгизат ташуу менен кармалып жатышат. Негизги булак болжол менен Литвада болуп жатат, ал жактан Европага унаа айдап келе жатканда криминалдык уюмдарга тартылууда. Баңгизат менен кармалгандар оор жаза алууда,-деди Франциядагы элчи Садык Шер-Нияз.
Сүрөт: kenesh.kg




