Элчи Кадыркулов гумжардам шылтоосу менен алдамчылыкка баргандар тууралуу эскертти

  • 2 года мурун

Украинадагы соңку кырдаалга байланыштуу ошол жактагы кыргыз жарандарына жардам берүү шылтоосу менен акча чогултуп, алдамчылыкка барган адамдар болуп жатканы жөнүндө Кыргызстандын Украинадагы элчиси Идрис Кадыркулов социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу билдирди.

Элчи учурда негизги көңүл эвакуация иштерине бурулуп, элчилик кызматкерлери күнү-түнү татаал шартта иштеп жатышканын, Украинадагы согуштук абалдан улам коомдук транспорт жана кара май жетишсиз болуп жаткан чакта дипломаттар өз өмүрүн тобокелдикке салып, кээ бир учурда жаралган маселени чечүү үчүн жеке каражатын жумшоого туура келип жатканын айтты.

Ошону менен катар, элчи белгилегендей, кырдаалдан пайдаланып, жардам үчүн акча чогултумуш болуп өз капчыгын толтуруу аракетин көргөн, жок акциялар тууралуу жалган маалымат тараткан айрым мекендештер да болуп жатканын билдирди.

Идирис Кадыркулов чет жактагы кыргыз диаспорасынын биринен акча чогултуп, өзүнө алып алуу аракетин көргөн алдамчы мекендештер тобу аныкталганын, алар тууралуу маалымат бар экенин жана мыйзам алдында жооп беришерин белгиледи. Элчи жардам берүүнү каалагандарды алдамчылардын курмандыгы болбош үчүн Тышкы иштер министрлиги же чет мамлекеттердеги кыргыз элчиликтери менен макулдашып иштөөгө чакырды.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты