Эл аралык IPHR уюму эркин журналист Мамыркулованы бошотууга чакырды
- 1 год мурун
Норвегиялык Хельсинки комитети жана Адам укугу боюнча эл аралык өнөктөштүк уюму (International Partnership for Human Rights — IPHR) кыргыз бийлигин эркин журналист жана активист Канышай Мамыркулованы бошотууга жана кылмыш ишин кыскартууга чакырды.
“Канышай Мамыркуловага каршы репрессиялык иш Кыргызстандын Конституциясы жана Кыргызстан ратификациялаган жарандык жана саясий укуктар боюнча эл аралык пакт менен кепилденген сөз эркиндигин жана ЖМК эркиндигин бузат” деп жазылган кайрылууда.
22-мартта Бишкек шаарынын Свердлов райондук соту эркин журналист, активист Канышай Мамыркулованы эки айга камоо чечимин чыгарды.
Бишкек шаардык ички иштер башкы башкармалыгынын (ИИББ) милиция кызматкерлери тарабынан массалык баш аламандыкка чакырык жасоо жана улуттар аралык кастыкты козутууга шектелип, Канышай Мамыркулова кармалганын ИИББ басма сөз кызматы билдирди.
Кыргызстандын журналисттери, укук коргоочулары эркин журналист Канышай Мамыркулованын камалышы боюнча президент Садыр Жапаровго, УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевге, ички иштер министри Улан Ниязбековго кайрылуу жолдоду.
20-мартта социалдык тармактарда журналист, активист Канышай Мамыркулованын кармалганы айтылган. Ал 48 саатка камакка алынган.
Сүрөт: «ПолитКлиника».




