Эл аралык эне тил күнү: Дипломатиялык академияда белгиленди
- 2 месяца мурун
Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) Казы Дикамбаев атындагы Дипломатиялык академия менен бирге 21-февраль эл аралык эне тил күнүнө карата иш-чара өткөрдү.
Иш-чарага ТИМ кызматкерлери, Дипломатиялык академиянын жетекчилиги, окутуучулары, студенттер катышты.
Иш-чаранын алкагында катышуучулар эне тилиндеги көркөм чыгармаларды окууга активдүү катышты. Мындан тышкары тилдик жана маданий мурастарды жайылтууга багытталган таанып-билүүчүлүк викториналар өткөрүлдү.
Ошондой эле студенттер шотландиялык акын Роберт Бернстин ырларын Нургазы Кемелбаевдин котормосунда окушту. Иш-чара концерттик программа менен коштолуп, Дипакадемиянын студенттери тарабынан тартылган Чыңгыз Айтматовдун «Кызыл алма» кыска метраждуу көркөм тасмасы да тартууланды.
Белгиленген иш-чара акын-импровизатор Мундузбек Борончиевдин ыры менен жыйынтыкталды.
Сүрөт: mfa.gov.kg