«Эл аман» мамлекеттик дарыканасынын сегиз түйүнү ачылды

  • 6 месяцев мурун

Өлкөдө «Эл аман» мамлекеттик дарыканасынын сегиз түйүнү ачылды.

Саламаттык сактоо министрлигинен билдиришкендей, анда дары-дармектер жеке дарыканаларга караганда 10-15% арзан болот.

Мындай дарыкана алгачкылардан болуп Бишкек шаарындагы үй-бүлөлүк №3 медицина борборунун имаратында ачылган. 4-ноябрда борбор калаадагы Улуттук госпиталдын базасында, Жал кичи районундагы №1 жана №2 Үй-бүлөлүк медициналык борборунда да ушундай эле дарыканалар иштей баштады.

Өткөн аптада мамлекеттик дарыканалар Ош шаарындагы үй-бүлөлүк № 8 медицина борборунун филиалында, Ош шаардык клиникалык ооруканасында, Ош облусунун Кара-Суу районунун балдар ооруканасында жана Жалал-Абад облустук ооруканасында уюшулган.

Саламаттык сактоо министрлиги өлкө боюнча өкмөттүк дары сатуучу жайдын кеминде 46 түйүнүн ачуу пландалып жатканын кабарлады.

Бул дарыканаларда 800дөн ашык аталыштагы дары-дармектин түрү бар. Министрликтен билдиришкендей, жакынкы күндөрү андагы аталыштардын санын 2 миңге чейин жеткирүү пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин маалыматына караганда, Кыргызстанга дары ташыган компаниялардын саны 200дөн ашат. Өлкөдөгү дарыканалардын саны 3 200дөн көп. Алардын теңинен көбү Бишкек шаарында жайгашкан.

Сүрөт: RFE/RL

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты