Экс-судьялар камакка алынды
- 2 недели мурун
- Баяндар
Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү чыгаруу айыбы менен Бишкек шаардык сот коллегиясынын мурдагы судьялары С. Б., Ж. М. жана К. А. камакка алынды. Бишкек шаарынын Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларды камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Ички иштер министрлиги судьялар С.Б., Ж.М., К.А.га кылмыш-жаза кодексинин 336 (Коррупция) жана 352-беренелеринде (Сот адилеттигине жатпаган өкүмдү же башка соттук актыны чыгаруу) каралган кылмыштарды жасоо боюнча айыбы угузулгандыгын билдирди. Ошондой эле, прокурор Д.М.га карата кылмыш-жаза кодексинин 336-беренеси (Коррупция) боюнча кылмыштарды жасаган деп айыбы угузулду. Биринчи май райондук сотунун чечими менен айыпталуучуларга карата камакка алуу түрүндөгү бөгөт коюу чарасы тандалып алынды.
Мурдагы судьялардын инициалы Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакировго туура келет, алардын ысымдары Айсулуу Мукашеванын өлүмүнө айыпталган К. А.нын мурунку кылмыштарында сот адилеттигине жатпаган, жаза мөөнөтүн жеңилдеткен өкүмгө алмаштыргандыгы боюнча айтылган.
Буга чейин Ички иштер министрлиги 17 жаштагы Айсулуу Мукашеваны зордуктап, мыкаачылык менен өлтүрүүгө шектелген өзгөчө коркунучтуу кылмышкер 1984-жылы туулган К. А. аттуу жаран кармалгандыгы жөнүндө кабарлаган. Бул кайгылуу окуя 2025-жылдын күз айларында бүтүндөй өлкөнү дүрбөлөңгө салды. Милиция кызматкерлеринин ыкчам аракеттеринин натыйжасында кылмышка шектүү кармалган.
Тергөөнүн жүрүшүндө бул кылмыш менен эле чектелбестен, көптөгөн кылмыштарга катыштыгы бар экендиги аныкталган. К.А. бир нече жаш кыздардын курмандыгы бар экендигин мойнуна алып, алардын сөөктөрүн Бишкектин сыртындагы ээн жерлерге катып жүргөндүгүн ачыктаган.
Ошондой эле иликтөө учурунда кылмыштардын чынжыры 2015-жылы эле токтотулушу мүмкүн экендиги белгилүү болду. Ал жылы К.А. 21 жаштагы кызды өлтүрүүгө аракет кылганы үчүн кармалган. Октябрь райондук соту аны 12 жылга эркинен ажыраткан. Бирок, 2016-жылы Бишкек шаардык сотунун судьялары – С. Б., Ж. М. жана К. А. ошондой эле прокурор Д.М. жана жактоочу С.Ж. ортомчулугу менен жазык-процессуалдык кодексинин нормаларын бузуп, жаза мөөнөтүн жеңилдетишкен. Натыйжада, кылмышкер 3 жылдан кийин боштондукка чыгып, кандуу аракетин уланткан.
2025-жылдын күз айларында айыпталуучу К. А жана анын жакын туугандары оор кылмыш жазасынан кутулууга мүмкүндүк берген коррупциялык схеманын бардык жагдайларын ачып, кеңири маалымат беришкен.
Аты аталган экс-судьялардын бири, Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылып, ишти өз көзөмлөнү алууну өтүнгөн.
-Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүндө жана иштин материалдарында мурдагы соттордун коррупциялык иши, акча опузалаганы же пара алганы тууралуу түз далилдер жок. Бишкек шаардык сотунун “жаңы жагдайларга” байланыштуу 2016-жылдын 12-майындагы өкүмүн жокко чыгаруу судьялардын атайын адилет эмес чечим чыгарганынын далили болуп эсептелбейт. Кандай гана сот актысы болбосун, жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралышы мүмкүн, бул күнөөнүн жана акыйкат эмес чечим чыгаруунун далили эмес, сот ишинин кадимкидей эле практикасы,-деди экс-судья Абакиров.
-Сот коллегиясы ошол кезде өкүм чыгарууда мыйзамды жана иштин материалдары боюнча, анын ичинде жапа чеккен тараптын тосмо арызына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна жана мамлекеттик айыптоочунун (прокурор Д. Мамбетова) позициясы боюнча күнөөлөөнүп жаткан жарандын ишин кол салуу жана адам уурдоо беренсине алмаштыруу ходатайствосуна ылайык чечим кабыл алган. Ал чечим боюнча эч ким арыз берген эмес, себеби прокурордун позициясы Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Башкы прокуратура менен макулдашылган,-деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле Сания Бранчаева менен Жаңыл Мамбеталы мурда президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иштерин кароого катышкандыгы белгиленди. Ошондуктан аталган экс-сотторго кылмыш ишин ачуу ар кандай саясий күчтөр тарабынан жеке өч алуу катары пайдаланылышы ыктымалдыгы айтылды.
“Ошондуктан С.Бранчаева, Ж. Мамбеталы жана К. Абакировдун кылмыш ишин кароону жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз” деп кайрылат президент Жапаровго мурдагы сот Абакиров.
21-ноябрда Соттор кеңешинин жыйынында Бишкек шаарынын соттук коллегиясынын экс-судьялары С. Б., Ж. М. жана К. А.ны кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечимин кабыл алды.
Коллаж сүрөт: Интернет булактарынан




