Соттор кеңеши кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берген үч экс-судьянын бири президентке кайрылды
- 3 недели мурун
- Баяндар
Соттор кеңеши Бишкек шаардык судьялар коллегиясынын мурдагы судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга уруксат бергени маалым. Аталган соттордун ысымдары бир нече кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыпталып кармалган Кумарбек Абдыровдун ишинде аталган. Аты аталган экс-судьялардын бири, Кайсын Абакиров Фейсбук баракчасы аркылуу президент Садыр Жапаровго кайрылды.
Кайрылууда экс-соттор Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакировду кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүүдө Соттор кеңеши тарабынан процессуалдык одоно калпыстык кетирилгени айтылат. Адегенде ал ишке байланыштуу кылмыш ишинин материалдарын талап кылып алуу жана мурдагы судьялардын биринин саламаттыгына байланышуу 28-ноябрга жылдырылганы белгиленет. Бирок төраганын орун басарынын тапшырмасы менен Соттор кеңеши регламентти бузуп, ишти кароону ошол эле күнгө саат 17:00гө белгилеген. Бул Соттор кеңешинин процедурасынын акыйкаттыгынан күнөм санатары айтылат.
-Башкы прокуратуранын көрсөтмөсүндө жана иштин материалдарында мурдагы соттордун коррупциялык иши, акча опузалаганы же пара алганы тууралуу түз далилдер жок. Бишкек шаардык сотунун “жаңы жагдайларга” байланыштуу 2016-жылдын 12-майындагы өкүмүн жокко чыгаруу судьялардын атайын адилет эмес чечим чыгарганынын далили болуп эсептелбейт. Кандай гана сот актысы болбосун, жаңы жагдайларга байланыштуу кайра каралышы мүмкүн, бул күнөөнүн жана акыйкат эмес чечим чыгаруунун далили эмес, сот ишинин кадимкидей эле практикасы,-деди экс-судья Абакиров.
-Сот коллегиясы ошол кезде өкүм чыгарууда мыйзамды жана иштин материалдары боюнча, анын ичинде жапа чеккен тараптын тосмо арызына, соттук-медициналык экспертизанын корутундусуна жана мамлекеттик айыптоочунун (прокурор Д. Мамбетова) позициясы боюнча күнөөлөөнүп жаткан жарандын ишин кол салуу жана адам уурдоо беренсине алмаштыруу ходатайствосуна ылайык чечим кабыл алган. Ал чечим боюнча эч ким арыз берген эмес, себеби прокурордун позициясы Бишкек шаарынын прокуратурасы жана Башкы прокуратура менен макулдашылган,-деп айтылат кайрылууда.
Ошондой эле Сания Бранчаева менен Жаңыл Мамбеталы мурда президент Садыр Жапаров жана УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин иштерин кароого катышкандыгы белгиленди. Ошондуктан аталган экс-сотторго кылмыш ишин ачуу ар кандай саясий күчтөр тарабынан жеке өч алуу катары пайдаланылышы ыктымалдыгы айтылды.
“Ошондуктан Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакировдун кылмыш ишин кароону жеке көзөмөлүңүзгө алыңыз” деп кайрылат президент Жапаровго мурдагы сот Абакиров.
Ошондой эле Бранчаева менен Жаңыл Мамбеталынын жаш курагын эске алып, алардын бөгөт чарасын кароо учурунда эркиндигинен ажыратпоону суранды.
Экс-судья ишти объективдүү, көз карандысыз жана калыс териштирүү үчүн аны саясатташтыруу жана сот акыйкаттыгынан тиешеси жок максатка пайдаланып кетпөө үчүн бардык зарыл чараларды көрүүнү өтүндү.
21-ноябрда Соттор кеңешинин жыйынында башкы прокурор Максат Асаналиевдин Бишкек шаардык сотунун жазык иштери жана административдик укук бузуулар жөнүндөгү иштер боюнча соттук коллегиясынын экс-судьялары Сания Бранчаева, Жаңыл Мамбеталы жана Кайсын Абакировду кылмыш жоопкерчилигине тартуу чечимин кабыл алды.
“Судьялар кеңеши материалдарды карап чыгып, башкы прокуратуранын сунушун канааттандырып, Б.С.И., Ж.М. жана А.К.К.ны кылмыш жоопкерчилигине тартууга макулдук берүү жөнүндө чечим кабыл алды” деп айтылат Соттор кеңешинин маалыматында.
Аталган соттордун ысымдары бир нече кызды зордуктап, өлтүрүүгө айыпталып кармалган Кумарбек Абдыровдун ишинде аталган. Абдыров бир нече жолу адам өлтүрүүгө барганы айтылат. Ошол кездерде судьялар чечимдерди алмаштырып койгондгу айтылган.
27-сентябрь күнү 17 жаштагы Айсулуу Мукашева мыкаачылык менен өлтүрүлгөн. Бул кылмышка шектүү Кумарбек Абдыров башка да кылмыштарды жасагандыгын мойнуна алган.
Сүрөттө: экс-судья Кайсын Абакиров. Интернет булактарынан




