Экс-депутат Мамат Орозбаев каза тапты

  • 1 месяц мурун

Белгилүү мамлекеттик жана коомдук ишмер, Жогорку Кенештин мурдагы депутаты Мамат Орозбаев 2025-жылдын 7-январында 78 жаш курагында каза болду.

Бул тууралуу Жогорку Кеңештин сайтында маалымдалды.

Мамат Орозбаев 1946-жылдын 22-октябрында Өзгөн районунун Жалпак-Таш айылында туулган. 1971-жылы Самарканд кооперативдик институтун аяктап, Жалал-Абад кооперативдик техникумунда окутуучу катары ишин баштаган. 1975-1979-жылдары Кара-Суу райондор аралык базасында, 1979-1984-жылдары Жалал-Абад универсалдык соода базасында директор болуп эмгектенген. Андан соң Ош облустук соода башкармалыктарында жана башка мекемелерде жетекчилик кызматтарды аркалаган.

1990-жылы “Легендарлуу парламент” деп аталган Жогорку Кеңештин 12-чакырылышына депутат болуп шайланып, кийин да эгемен Кыргыз мамлекетининин Жогорку Кеңешинин бир нече чакырылыштарынын депутаты болгон. 

Көп жылдык жемиштүү эмгеги, калкты тейлөө чөйрөсүндөгү өзгөчө жетишкендиктери үчүн мамлекеттик жана тармактык сыйлыктар менен сыйланган. Андан тышкары КМШ Парламенттер аралык ассамблеясынын Ардак грамотасын, “Кыргыз Республикасынын калкты тейлөө чөйрөсүнө эмгек сиңирген кызматкер”, “Ош облусунун ардактуу атуулу” наамдарын алган.

Жогорку Кеңештин депутаттары маркумдун туугандарына жана жакындарына терең кайгыруу менен көңүл айтып, орду толгус оор жоготуунун аза кайгысын тең бөлүшөт.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты