Экс-депутат БШКнын мүчөсү болуп шайланды
- 2 недели мурун
5-сентябрда Жогорку Кеңештин экс-депутаты Мейкинбек Абдалиев Борбордук шайлоо комиссиясынын (БШК) мүчөсү болуп шайланды. Анын талапкерлигин Жогорку Кеңештин депутаттары жыйында колдоду.
19-августта Абдалиев Мейкинбек депутаттык мандатынан өз арызынын негизинде ажыратылган. Ал парламенттин VII чакырылышына «Ата-Журт Кыргызстан» саясий партиясынан шайланган. VI чакырылышта Абдалиев «Өнүгүү-Прогресс” партиясынан шайланган. Ал 2021-жылы да депутаттык мандатын мөөнөтүнөн мурда тапшырган.
Сүрөт: интернет булактары
Муну бөлүшүү