Экотехинспекция көлдөгү мончо тууралуу маалымат берди

  • 2 года мурун

Жаратылыш ресурстары, экология жана техникалык көзөмөл министрлигинин алдындагы экологиялык-техникалык коопсуздук кызматы Кыргызстанда 2016-жылы көл үстүнө же ага жакын жерге мончо курууга тыюу салынганын «Азаттыкка» билдирди.

Мекеменин экологиялык көзөмөлдөө башкармалыгынын жетекчиси Расул Жусупов жакында Ысык-Көлдүн 16 жеринен суу алынып, лабораториядан текшерилгенде таза болуп чыкканын айтты.

“Пансионаттардын саркынды суулары боюнча бизде бардык маалыматтар жетиштүү. Көлдө жалпысынан 220дай эс алуучу жай бар. Ошолордун айрымдарынын өздөрүнүн саркынды сууларды тазалоочу жайы бар, айрымдары бири-биринин түтүгүнө кошулуп алып чыгарышат. Жалпысынан 121 саркынды сууларды тазалоочу жай бар. Биз көзөмөлдөп турабыз. Саркынды суулар көлгө кошулбайт”, — деди Жусупов.

25-июлда Жогорку Кеңештин депутаты, «Ынтымак» фракциясынын мүчөсү Балбак Түлөбаевдин Ысык-Көлдө мончого окшогон жайга түшүп жаткан видеосу социалдык тармактарда тарап, кызуу талкууга түшкөн. Эртеси күнү Түлөбаев Фейсбукта билдирүү жасап, ал жер мурда сауна болуп азыр иштебей турганын айтып, «мончодон чыгып көлгө түштү» деген пикирди четке каккан.

Президент Садыр Жапаров апрель айында кол койгон жарлыкка ылайык, эмдиги жылдан тартып Ысык-Көл облусундагы пансионаттарды инженердик коммуникация жана курулмалар менен камсыздабай иштетүүгө тыюу салынат.

Расмий маалыматка караганда, көл жээгинде 211 ири жана 600 кичи эс алуу жайлар орун алган.

Булак: Азаттык

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты