Экономика жана коммерция министри Бакыт Сыдыков болду
- 2 месяца мурун
Бакыт Сыдыков экономика жана коммерция министри болуп дайындалды.
Бул тууралуу жарлыкка Садыр Жапаров кол койду.
Бүгүн, 18-декабрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар Адылбек Касымалиевди Министрлер кабинетинин төрагалыгына, Данияр Амангелдиевди төраганын биринчи орун басарлыгына, Бакыт Сыдыковду экономика жана коммерция министрлигине дайындоого макулдук берди. Добуш берген депутаттардын бири да бул үч талапкерге каршы добуш берген жок.
Адылбек Касымалиев Министрлер Кабинетинин төрагасы — президенттик администрациянын жетекчиси болуп дайындалды.
16-декабрда Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров кызматтан кетти.
Сүрөт: Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү