ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы «Вагнерди» террордук уюм деп тааныды

  • 10 месяцев мурун

Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун парламенттик ассамблеясы “Вагнер” жеке аскердик компаниясын террордук уюм деп таануу боюнча резолюция кабыл алды. Документ ассамблеянын сайтында жарыяланды.

“ЕККУнун Парламенттик ассамблеясы “Вагнер” тобунун Орусия өкмөтүнүн кызыкчылыгында жасаган иш-аракеттерин террористтик деп сыпаттайт. Ошондуктан “Вагнер” тобун террористтик уюм катары таануу негиздүү”, деп айтылат билдирүүдө.

Резолюцияда “Вагнер” тобу орус мамлекетинин кызыкчылыгын көздөгөнү жана Владимир Путин өткөн аптада мойнуна алгандай, толугу менен бийлик тарабынан каржыланганы айтылат. «Бул «Вагнер” тобунун чет өлкөдөгү аракеттери үчүн орус мамлекети жооп берет дегенди билдирет», деп белгиленген документте.

Ассамблея ошондой эле Беларусту “Вагнерди” колдоп, өз аймагында “Балтика өлкөлөрүнүн коопсуздугуна коркунуч келтирген” жалданма аскер базасын курууга уруксат бергени үчүн айыптады.

23-мартта Литванын Сейми «Вагнерди» террордук уюм деп таанууга добуш берген биринчи европалык парламент болду. Май айында мындай чечимди Франция парламенти кабыл алган.

Былтыртан бери Украинада согушуп жаткан «Вагнердин» жетекчиси Евгений Пригожин соңку кездери орус армиясынын жетекчилигин көп сындап жүргөн. 24-июнга караган түнү «вагнерчилер» Украинадагы базаларынан чыгып, Ростов-на-Дону шаарын эч кандай каршылыксыз басып алган. Москвага 200 чакырым калганда Пригожин «кан төгүүнүн алдын алуу үчүн» артка кайтышарын күтүүсүз жарыялаган.

Беларустун авторитардык лидери Александр Лукашенко менен сүйлөшкөндөн кийин «куралдуу көтөрүлүштү» токтотуп, артка кайткан Пригожин өзү дагы Беларуска кеткени маалымдалган.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты