Эки министр дайындалды

  • 1 месяц мурун

Догдуркүл Кендирбаева агартуу министри болуп, Бактияр Орозов илим, жогорку билим берүү жана инновациялар министри болуп дайындалды.

Тиешелүү жарлыктарга президент Садыр Жапаров кол койду.

14-майда Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутаттар агартуу министри кызматына Догдургүл Кендирбаеванын, илим, жогорку билим берүү жана иннновациялар министри кызматына Бактияр Орозовдун талапкерлигин жактырды.

Буга чейин билим берүү жана илим министрлиги экиге бөлүнүп, агартуу министрлиги жана жогорку билим берүү жана инновациялар министрлиги болуп түзүлгөнү тууралуу жарлык чыккан.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты