Эки активист нааразылык акциясына чыкты

  • 2 года мурун

Бишкекте активисттер Өндүрүш Токтонасыров менен Бурулкан Усманалиева тышкы иштер министрлигинин алдына нааразылык акциясына чыгышты.    

Алар “Вагнер” аттуу жеке уюм Борбор Азия жарандарын Украинага “240 миң рублден төлөнөт, Орусия жарандыгын оңой алат” деп азгырып чакырып жатканы тууралуу ЖМКдан кабардар болуп, нааразылык акциясына чыгышканын билдиришти.   

Нааразылык акциясына катышкан эки жаран ички иштер министрлигине жана Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитетине кайрылып, жогоруда айтылгандарга көңүл бурууга чакырышты.

Сүрөт: «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты