Ейск шаарында СУ-34 аскер учагы турак үйгө кулап түштү (Видео)

Орусиянын Краснодар крайынын Ейск  шаарында СУ-34  аскер учагы турак үйгө кулап түштү.

Бул тууралуу “Интерфакс” агенттиги шаардык диспетчердик кызматка шилтеме берип билдирди.

Орусиянын коргоо министрлиги учактын турак үйгө кулаганын тастыктаган. Алардын айтымында, учак окуу-машыгуу учурунда көтөрүлгөндө кулаган.

“112” телеграмм- каналынын билдирүүсү боюнча эки учкуч аман түшкөн. Алдын ала маалымат боюнча үч адам каза тапкан.19 киши жабыркаган.    

      Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты