Эдил Байсалов Өмүрбек Текебаевге: Президент силерге окшоп популисттик менен иш кылбайт  

  • 3 года мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов саясатчы Өмүрбек Текебаевдин айткандарына Фейсбук баракчасы аркылуу жооп берди.

Байсалов мындай деп жазды:    

-Президенттин министрлерди чогултуп чогулуш өткөргөнүн көрө элекмин дейт. Эл көрүп туруш керек дейт. Биринчиден, Президент эл көрсүн деп популисттик менен силер окшоп иш кылбайт.

Экинчиден, керек учурда министрлерге күн-түнү, керек болсо, түнкү саат 3-4төрдө телефон чалып же смс менен тапшырмаларды берип турат. Ыкчам чечүүчү маселелер чыгып калганда тиешелүү министрлерди үйүнө да чогултат, -деди Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары.   

Андан ары сөзүн улантып, Президентке Текебаевдин акылынын кереги жок экенин белгиледи.   

-Андыктан сиздин болжолдоп айткан акылыңыздын Президентке кереги жок. Сиз кеңеш берип жүрүп, акыркы он жылда көрдүк мамлекет кандай абалга кептелгенин.

Силер бийликке келгениңерден кийин өлкөнү башкарууга дараметиңер жетпегенин далилдегенсиңер. Ошондуктан, башка адамдарга акыл үйрөтүп, ооз ачканга акыңар жок, -деди Байсалов.

Ал эми Байсаловдун жообу Текебаевдин Садыр Жапаровго карата мындай сын-пикирине айтылган.

-Президент өкмөткө да жооп берет дегени менен, ал кишинин министрлерди чогултуп,  жыйын курганын али көрө элекпиз, -деген Текебаев.  

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты