Эдил Байсалов Кыргызстан эл аралык университетинин жатаканасына барды

  • 2 месяца мурун

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов 18-майга караган түнү болуп өткөн окуяга байланыштуу Кыргызстан эл аралык университетинин медицина факультетинин жатаканасына барды.

Ошондой эле Пакистандын Кыргызстандагы элчиси Хасан Али Зайгам жана Эл аралык университеттин президенти, Улуттук илимдер академиясынын академиги Асылбек Айдаралиев да болду.

МинКаб басма сөз кызматы маалымдагандай, Эдил Байсалов чогулган чет элдик студенттерге жана мугалимдерге айрым бейбаштар тарабынан жасалган иштер үчүн кечирим сураган сөздөр менен кайрылды.

«Бир түндө болгон окуялар элибиздин сиздерге болгон мамилесин чагылдырбайт. Укук коргоо органдары окуянын бардык жагдайларын тыкыр иликтөөдө жана күнөөлүүлөрдүн баарын сөзсүз жоопко тартат” деди ал.

ИИМдин маалыматы боюнча, 2024-жылдын 17-майында «Инстаграм» тиркемесинин «Ньюс Кейджи» баракчасында, Бишкек шаарынын Атай Огонбаев көчөсүндөгү жатакананын короосунда жапырт мушташ болуп жаткан видео тараган. Видеодо окуянын чыныгы жагдайы түшүндүрүлгөн эмес. Ошол себептен коомчулуктун нааразычылыгын жаратып, жергиликтүү толкундоолорго алып келген.

13-майдагы окуяларга нааразы болгон жаштар, 18-майда кечинде, саат 22:00 чамасында, Бишкек шаарынын Курманжан-Датка көчөсү менен Чүй проспектисинин кесилишине чогула баштап, чогулгандардын саны 500дөн 700гө  жеткен.

Жатаканадагы мушташ фактысы боюнча Свердлов РИИБде кылмыш-жаза кодексинин 280-беренеси (алдын ала макулдашуу боюнча адамдардын тобу менен бейбаштык) менен кылмыш иши козголгон.

Бейбаштык боюнча козголгон кылмыш иши боюнча 2000-жылы туулган А. М., 1993-жылы туулган А.М., 2002-жылы туулган А. А., 2003-жылы туулган С.Х. аттуу төрт чет өлкөлүк жаран шектүү катары кармалып, убактылуу кармоочу жайга киргизилди.

Тергөөнүн жүрүшүндө жатаканада чет элдик жарандарга кол салган төрт адамдын экөө аныкталды.

Сүрөттө: МинКаб басма сөз кызматы

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты