Эдил Байсалов коомдогу антикытайлык маанайды күчөтүү аракеттерине тынчсызданганын билдирди

Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсалов коомдогу антикытайлык маанайды күчөтүү аракеттерине тынчсызданганын Фейсбук баракчасы аркылуу билдирди.

-Мен коомубузда анти-кытайлык маанайларды күчөтүүгө багытталган ачык-айкын аракеттер боюнча терең тынчсыздануумду билдиргим келет. Айрым майда-барат тиричилик учурларынан негизсиз жалпы жыйынтыктар чыгарылып, атайын маалыматтар аркылуу анти-кытайлык маанайлар жасалма түрдө күчөтүлүп жатканын көрүп жатабыз. Кээ бир жоопкерсиз саясий күчтөр бул теманы өздөрүнүн башкы үгүт материалдарына айлантууну чечкенин да байкоого болот,- деп билдирди Байсалов.

Эдил Байсалов мындай провокацияларга алдырбоого чакырды:

-Коомчулукка жана Министрлер Кабинетиндеги кесиптештериме кайрылып, мындай провокацияларга алдырбоого чакырам. Эл бизден өлкөнүн көтөрүлүшү менен экономикалык өнүгүүсүнүн курсун, жалпы эл тарабынан шайланган мамлекет башчыбыз аныктаган багытты ишенимдүү улантууну талап кылат,-деди ал.

Ал аракеттерге Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө сокку урууга багытталганын белгиледи:

-Мага так белгилүү: мындай провокациялар өздөрүнөн-өздөрү пайда болбойт. Анын максаты — өлкөнүн экономикалык чыңдалышына тоскоолдук кылуу, өсүп бараткан эл аралык аброюбузду солгундатып, акыры келип Кыргызстандын мамлекеттүүлүгүнө сокку урууга багытталган.

Байсалов укук коргоо органдарын ар кандай кастыкты козутуу аракеттерин токтотууга чакырды:

-Укук коргоо органдарын анти-кытайлык өңүттөн чыгышы мүмкүн болгон ар кандай кастыкты козутуу аракеттерин чечкиндүү түрдө токтотууга чакырам,-деп билдирди.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты