ЕАЭБ алкагында «Евразия агроэкспресси» долбоору талкууланууда

  • 2 года мурун

Евразия экономикалык биримдигине (ЕАЭБ) мүчө мамлекеттер айыл чарба продукциясын темир жол аркылуу контейнер менен тез мөөнөттө жөнөтүү боюнча биргелешкен долбоорду ишке ашыруу мүмкүнчүлүгүн талкуулап жатышат.

Бул маселе 19-февралда Евразия экономикалык комиссиясынын (ЕАЭК) видеоконференция режиминде өткөн жыйынында көтөрүлдү. Ага Кыргызстандын Министрлер кабинетинин төрагасынын биринчи орун басары Арзыбек Кожошев төрагалык кылды.

Кыргыз өкмөтүнүн басма сөз кызматынын маалыматына караганда, жалпысынан жыйында 27 маселе каралды, арасында уюмдун интеграцияланган маалымат системасын өнүктүрүү, уюм ичинде жарандардын COVID-19га каршы эмдөөдөн өткөнү тууралуу сертификатын таануу маселелери бар.

Жыйынтыгында жыл сайын 29-майда ЕАЭБ күнүн белгилөө жөнүндөгү чечим жактырылып, уюмдун өкмөт башчыларынын быйыл 24-25-февралда Казакстандын борбору Нур-Султан шаарында өтө турган жолугушуусунун күн тартиби бекитилди.

2021-жылы күзүндө Орусия менен Өзбекстан Ташкент–Москва «Агроэкспресс» поездин ачууну көздөп жатканын маалымдашкан. Бул долбоорго Казакстан да кошулары, Өзбекстандын айыл чарба продукциясы адегенде Казакстанга, андан кийин Орусияга жөнөтүлүп турары айтылган. Кийин долбоорго катышуу ниетин Кыргызстан да билдирип, Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Орусиянын «Коммерсантъ» басылмасына курган маегинде өлкө «Агроэкспресстин» мүмкүнчүлүктөрүн колдонгусу келерин айткан.

2022-жылы ЕАЭБдин уюмдарында төрагалык кылуу кезеги Кыргызстанга тийген.

ЕАЭБге Кыргызстандан тышкары Армения, Беларус, Казакстан жана Орусия мүчө. Бул уюм ортодогу бажы тоскоолдуктарын жоюу, элди жана товарларды эркин өткөрүү максатында уюшулган. Бирок ортодогу экономикалык тоскоолдуктар жоюлбай, ишкерлер өндүргөн продукциясын уюмдун ичиндеги өлкөлөргө жеткирүүдө кыйынчылыкка дуушар болуп келатканын айтып жүрүшөт.

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты