Душанбеде диний китептерди саткан дүкөндөр жабылды (Видео)

Душанбеде диний китептерди саткан дүкөндөр жабылды (Видео)

Тажикстандын бийлиги Душанбенин борборундагы диний адабияттарды саткан дүкөндөрдү жапты.

Дин иштери боюнча комитеттин өкүлдөрү мунун себебин түшүндүргөн жок, бирок алардын бирөө «бул убактылуу» экенин айтты.

«Азыр ошол дүкөндөрдөн алынган бир нече материалдар жана адабияттар текшерилип жатат. Дүкөндөр кайра ачылат деп ойлойм» деди ал.

2-сентябрда «Озоди» радиосунун кабарчылары Душанбенин борбордук мечитинин алдындагы диний адабияттарды саткан дүкөндөр жабылганына күбө болушкан. Бул жерде 10 дүкөн жайгашкан.

Алардын биринин ээси бийлик дүкөндөрдү үч апта мурун эле жаап кеткенин жана аларга диний адабияттарды сатууга уруксат бербей жатканын айткан.

Мечиттин тегерегиндеги дүкөндөр негизинен Комитеттин уруксаты менен чыккан же чет өлкөдөн алып келинген китептерди сатышат. Азырынча кайсыл китептер текшерилип жатканы беймаалым.

Тажикстанда диний китептер боюнча көйгөй биринчи жолу жаралып жактан жок. Жыл башында тажик бийлиги ооган ишкерине Куран китептерин алып кирүүгө тыюу салган. Аткаминерлер ишкер алдын ала уруксат алышы керек болгонун билдиришкен.

Эл аралык укук коргоо уюмдары тажик өкмөтүн адамдардын дин тутуу эркиндигин чектеп, диний ырым-жырымдарга тоскоолдук кылып жатат деп байма-бай сындап келет. Бийлик болсо кабыл алынган чечимдерди өлкөдө экстремизмдин күчөшүнө жол бербөө үчүн маанилүү деп эсептейт.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты