Душанбеде Борбор Азия менен Евробиримдик ортосундагы жүк ташуу маселеси талкууланат

  • 1 месяц мурун

Быйыл май айында Душанбе шаарында «Тянь-Шанга жол» аттуу эл аралык конференция өтөт жана ага алыскы жана жакынкы чет мамлекеттердин транспорт тармагындагы жетекчилери менен эл аралык уюмдар катышат.

Тажикстандын Транспорт министрлиги 29-30-майда өтө турган конференцияда Борбор Азия өлкөлөрү менен Евробиримдиктин ортосундагы эл аралык жүк ташуу маселесин, Кытайдан жабдууларды жана жүктөрдү жеткирүүдөгү көйгөйлөрдү талкуулоо пландалып жатканын билдирди.

Орусиянын Украинага карата баскынчылыгына байланыштуу Москвага каршы санкциялар киргизилгенден кийин Батыш өлкөлөрү Борбор Азия мамлекеттерин Орусияны айланып өтүүчү альтернативдүү жолдорду жөнгө салууга чакырып келишет.

Расмий сүрөт.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты