Душанбе-Бишкек-Душанбе аба каттамы ачылды
- 1 месяц мурун
“Кыргызстандын аэропорттору” Душанбе–Бишкек–Душанбе жаңы үзгүлтүксүз каттамы ачылганын расмий жарыялады. Аталган каттамды “Сомон Эйр” авиакомпаниясы аткармакчы.
“Бул окуя Кыргызстан менен Тажикстандын ортосундагы авиациялык байланыштарды бекемдеп, жүргүнчүлөр жана бизнес үчүн жаңы мүмкүнчүлүктөрдү ачат.
Эки өлкөнүн өкмөттөрүнүн колдоосу менен борборлор арасындагы үзгүлтүксүз каттамдар жол жүрүүнү жеңилдетип, экономикалык жана маданий байланыштарды өнүктүрүүгө көмөктөшөт.
2025-жылдын апрель айында мамлекеттик “Асман Эйрлайнс” авиакомпаниясы Бишкек–Худжант–Бишкек каттамын ачууну пландаштырууда” деп айтылат маалыматта.
Сүрөт: «Кыргызстан аэропорттору»
Муну бөлүшүү