Досоновдун уюшкан кылмыштуу тобунун мүчөсү кармалды

Улуттук коопсуздук мамлекеттик комитети тарабынан (УКМК) Кадыр Досоновдун (“Дженго” каймана аттуу) уюшкан кылмыштуу тобунун активдүү мүчөсү кармалды.

Бул тууралуу УКМК басма сөз кызматы кабарлады.  

Маалыматта айтылгандай, кармалгандар — Ош облусунун Ноокат районунун тургундары, 1980-жылы туулган М.Г.К. жана анын жакын адамы 1973-жылы туулган Т.Т.О.

М.Г.К.га тиешелүү 08KG257AGH мамлекеттик номурлуу “Тойота Ленд Крузер Прадо” үлгүсүндөгү унааны тинтүү учурунда уруксаты жок ок атуучу курал, баңгизаттары, ошондой эле “ТОЗ-8” маркасындагы 50 даана 5,6 мм патрондору менен чакан калибрлүү мылтык, 16мм калибрдеги 10 патрон жана “Сталь” мергенчилик бычагы табылы.

Кылмыш-жаза процессуалдык кодексинин 96-97-беренелерине ылайык М.Г.К. Баткен РИИБ убактылуу кармоочу жайына киргизилип, ыкчам-тергөө иш-чаралары жүргүзүлүүдө.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты