Доскул Бекмурзаев: Кыргызстандын ири ГЭС куруу долбоорлору талашка түшүүдө

  • 2 года мурун

Кыргызстандын ири ГЭС куруу долбоорлору талашка түшүүдө. Бул тууралуу, бүгүн, 15-ноябрда “Азаттыктын” түз эфиринде энергетика министри Доскул Бекмурзаев билдирди.

Министр “Камбар-Ата-1” ГЭСи Кыргызстанга генерация түрүндө гана, ал эми суу жагынан Казакстанга жана Өзбекстанга “бизден да көбүрөөк керек” экенин, эгер инвесторлор менен натыйжа болбосо, улуттук долбоор катары аны “келечекте өзүбүз саларыбызды” айтып, буга мүмкүнчүлүк “албетте, жетет” деп билдирди.

“Садыр Нуркожоевичтин өзүнүн айткан сөзү – кайсы инвестор келип, биринчи сала баштаса, ошону менен иштеп кете беребиз. Бүгүнкү күндө Өзбекстан, Казакстан, Түркия, Орусия, Кытай менен “Камбар-Ата-1” боюнча өтө тыгыз, байма-бай талкуу жүрүп жатат”, — деди ал.

2012-жылы Кыргызстан менен Орусия ортосунда түзүлгөн келишимдин негизинде орус тарап Жогорку Нарын ГЭС каскадын жана “Камбар-Ата-1” ГЭСин курмак. Бирок кыргыз тарап бүт милдеттенмелерин аткарганына карабастан, Орусиядан иш жылбай жатканын жүйө келтирип, бул келишимден чыккан. Кийин орус тарап «РусГидро» компаниясынын 37,5 миллион доллар каражаты сарпталганын билдирип, 2018-жылы Гаагадагы эл аралык арбитражга кайрылган. Жыйынтыгында долбоорлоо-изилдөө жана курулуш иштери 2016-жылдын 9-августунан бери токтоп турат.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты