Доминика аралында эс-учун жоготкон кыргызстандыкка жардам берилүүдө

  • 1 год мурун

Круиз лайнеринде котормочу болуп иштеп, Доминика аралында эс-учун жоготуп койгон кыргызстандык жаранга жардам көрсөтүлдү.

Бул тууралуу Кыргызстандын тышкы иштер министрлиги (ТИМ) 9-февралда билдирди.

Ал жаран бул жумушка Бишкектеги ортомчу фирма аркылуу орноштурулган. Кыргыз Республикасынын АКШдагы элчилиги жумуш берүүчү фирманын камсыздандыруу агенти менен сүйлөшүү жүргүзгөн.

Сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгында дарыгерлердин коштоосунда кыргызстандык Айдин Айтпаев аттуу жаран Тринидад жана Тобаго мамлекетинин аймагындагы ооруканага жаткырылмай болду. Ошондой эле фирма ооруп калган жарандын тууганы Н. Айтпаевдин аталган мамлекеттеги ооруканага барып, көмөк көрсөтүүсү үчүн тиешелүү иштерди уюштурмай болду. Ал эми Кыргызстандын АКШдагы элчилиги А. Айтпаевди консулдук-укуктук жана башка жардам берүү үчүн Тринидад жана Тобаго мамлекетинин элчилиги менен сүйлөшүүлөрдү өткөрөт.

Сүрөттө: КР ТИМ.  

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты