Документи жок дүкөндү буздурбоо үчүн пара алган мамлекеттик кызматкер кармалды

  • 10 месяцев мурун

Ош шаарынын тургуну, 1966-жылы туулган И.А. милицияга  арыз менен кайрылып, пара алган мамлекеттик кызматкерлерге чара көрүүнү суранган.

Бул тууралуу ички иштер министрлигинин (ИИМ) басма сөз кызматы билдирди.

Маалыматта айтылгандай, 2024-жылдын ноябрь айынын аягында Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы М. М. жана жер адиси З.М. арыздануучунун Ош шаарында жайгашкан соода дүкөнүнүн документтери жок экендигин билип туруп, буздурбоо үчүн документтерди жасап беребиз деп, 17 миң сом пара катары алышкан. 
 
Бул факты боюнча Ош шаардык ички иштер бөлүмү тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 342-беренеси (Пара алуу) менен кылмыш иши козголгон.

Милиция кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында, Ош шаарынын Жибек-Жолу кичи шаарчасында пара катары алган 17 миң сомду кайтарып берип жаткан жеринен, Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын башчысы 1983-жылы туулган М.М., ортомчу болгон Ош шаарынын Жибек-Жолу муниципалдык аймактык башкармалыгынын кварталдык комитетинин төрөгасы 1961-жылы туулган С.Б. жана жаран 1995-жылы туулган З.М. кармалган. 

Кармалган жарандарга карата Ош шаардык тергөө судьясынын токтомунун негизинде бөгөт коюу чарасы катары камакка алуу түрү тандалды. 

 Учурда тергөө амалдары жүрүп жатат.

Сүрөт: ИИМ

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты