“Диплому жок, соттолгон, министр болуп кеткен”. Депутаттардын мандаттарын тапшырган себептеринин анализи

Жогорку Кеңеш Кыргызстандагы бийликтин үч бутагынын бири. Парламент мамлекеттин туруктуулугунун жана мыйзамдуулугунун тиреги болуп саналат. Ал эми эл өкүлдөрү кабыл алган мыйзамдар кыргызстандыктардын коомдук мамилелерин жөнгө салуу үчүн негиз болуп калууда. Бирок, акыркы учурда Жогорку Кеңештин курамы өзгөрүлгөнү тууралуу маалыматтар байма-бай чыгып жатат.

“ПолитКлиника” Жогорку Кеңештин курамы шайлангандан тарта канча жолу өзгөргөнүн жана ага эмне себеп болгонун талдаганга аракет кылып көрдү.

Жогорку Кеңештин учурдагы чакырылышы 2021-жылдын ноябрь айында шайланып, бул шайлоо кампаниясы 2011-жылдан берки мамлекеттик деңгээлдеги добуш берүүлөр арасында шайлоочулардын эң төмөн активдүүлүгү менен айырмаланган. 

Шайлоонун жыйынтыгында 88 адам депутат болуп дайындалган. Ал эми Бишкек шаарындагы Биринчи Май жана Свердлов шайлоо округдарында “Баарына каршы” графасына добуш бергендер көп болгону үчүн бул округдардардын өкүлдөрү шайланган эмес.

Андан бери бир канча жолу шайлоо болуп, 22 депутат алмашты. Айрымдары мандатын өз каалосу менен тапшырса, айрымдары БШКнын же соттун чечими менен ажыратылган. 

Кээ бир депутаттар өз каалосу менен кетсе, кээ бирлери соттун же БШКнын чечими менен ыйгарым укуктарынан ажыратылган. Келгиле, коомчулукта чуу жараткан айрым учурларды карап көрөлү.

Матраимовго тиешеси барлар жана “туура эмес” депутаттар

Бир канча депутат Камчыбек Ташиевдин “парламентте Райымбек Матраимовго байланышы бар депутаттар жок болуш керек” жана “туура эмес депутаттар жок болуш керек” деген сөздөрүнөн кийин мандатын тапшырышкан. 

22-февралда Райымбек Матраимовдун бир тууганы Искендер Матраимов мандатын өз каалосу менен тапшырган. Ал шайланып келген Кара-Суу округунда кайра шайлоо дайындалып, Искендер Матраимовдун мандаты Илимбек Кубанычбековго берилген. Ошол эле күнү БШК Нурлан Ражабалиевдин да ыйгарым укуктарын өз каалоосу менен берген арыздын негизинде токтоткон. Анын мандаты шайлоонун жыйынтыгы менен Бактыяр Калпаевге берилген.

Айбек Осмонов менен Абдыбахаб Боронбаев да мандаттарын өз кааалоосу менен тапшырышкан. Боронбаевдин мандаты партиялык тизмедеги кийинки турган Саид Зулпуевге берилсе, Осмоновдун орду Ош округунда болгон шайлоонун жыйынтыгы менен Бекмурза Эргешовго берилген.

Өз каалоосу менен кеткендердин тизмегин Жусупбек Коргонбай уулу толуктайт. Жусупбек Коргонбай уулу мандатын тапшырганга чейин Жогорку Кеңеште Алымкадыр Бейшеналиевди өлкөдө өлүмдүн санын өскөнүнө күнөөлөп, саламаттык сактоо министри уюшкан кылмыш топторуна тиешеси бар экенин билдирген. Анын орду Ноокат округунда жүргөн шайлоонун негизинде Бакытбек Мариповго берилген. Бакытбек Марипов мурунку министрлер кабинетинин төрагасы, азыркы элчи Улукбек Мариповдун бир тууган иниси.

Соттук процесс аркылуу мандатынан ажыратылган Шайлообек Атазов да Матраимовго байланышы бар делип келет. Атазовдун өзү сот адилетсиз чечим чыгарганын жана саясий куугунтук болуп жатканын билдирген. Анын мандаты соттун чечими боюнча Свердлов округу боюнча добуш берүүдө экинчи орунда турган Абдурахман Муртазалиевге берилмек. Бирок, БШК бул округ боюнча кайра шайлоо өткөрүү сунушун киргизип, шайлоонун жыйынтыгында мандат Жумабек Салымбековго берилген.

Жогоруда аталган мурунку депутаттар Райымбек Матраимовго тиешеси бар деп келинет. 2022-жылы Райымбек Матраимовдун “Исмаил ата” фонду муфтияттын жаңы имаратын куруп жатканы белгилүү болгон. 2023-жылдын август айында муфтияттын жаңы имаратынын ачылышында аталган депутаттар катышканы белгилүү болгон. Бул окуя коомчулукта нааразычылык жараткан.

“Билими дал келбейт”. Жасалма дипломдор чыры

2021-жылы Президентти жана Жогорку Кеңеш депутаттарын шайлоо мыйзамына өзгөртүү киргизилип, депутаттар жогорку билимге ээ болушу керек экендиги жазылган. Парламенттик шайлоодон кийин бул норманы аткаруу максатында УКМК аткаминерлердин дипломдорун текшерүүнү баштаган.

Диплому жасалма деген негиз менен биринчи болуп мандатынан Орозайым Нарматова 20-январда ажыратылган. Боршайком мындай чечимди УКМКнын жана Билим берүү министрлигин маалыматынын негизинде чыгарган. Анын ордуна партиялык тизмеде гендердик квота боюнча кийинки турган Айгүл Айдарова келген. Орозайым Нарматова БШКнын чечими адилетсиз экенин, бирок сотко кайрылбай турганын билдирген:

«Менин мандатымды мыйзамсыз тартып алышты. Бирок менин үнүмдү баса алышпайт. Депутат болбосом дагы жарандык позициямды активдүү билдирип, куугунтукка жана мыйзамсыздыкка каршы күрөшө берем», - деген Нарматова.

Ошол кездеги депутаттар Фархат Исмаилов жана Фарходбек Алимжанов дипломдору жасалма деген негиз менен ыйгарым укуктарынан ажыратылышкан. Алардын ордуна партиялык тизме менен Айсулуу Мамашова жана Чынберди Төлөнөв келишкен.

Диплому жасалма деген жүйө менен жалпысынан үч депутат мандатын тапшырышкан.

Кылмыш иши козголгон же соттолгондор

Мандатынан соттун чечимен же сурактан кийин ажырагандар да жок эмес. Алардын санын Адахан Мадумаров да толуктайт. “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери 2023-жылдын сентябрь айында козголгон эки кылмыш-ишинин негизинде тергөө жайына камалган. Ага “Мамлекеттик чыккынчылык” жана “Алдамчылык” беренелери менен айып тагылган. Бишкек шаарыны Биринчи Май райондук соту Мадумаровду күнөөлүү деп таап, бирок кылмыш-иштеринин мөөнөтү өтүп кеткенине байланыштуу жаза берген эмес. Бул чечимдин негизинде Боршайком Адахан Мадумаровдун “соттулугу бар” деп мандатын алып койгон. Бошогон орун Аккулу Бердиевке берилген.

Адахан Мадумаров чечимди апелляция кылганга аракет кылган. Бирок Бишкек шаарынын административдик соту аны четке каккан.
“Альянс” фракциясынын депутаты Эмил Жамгырчиевге каршы “мамлекеттик чек араны мыйзамсыз кесип өткөнү үчүн” кылмыш иш козголуп, тергөө абагына киргизилген. Ага чейин Эмил Жамгырчиев бул иш боюнча Жогорку Кеңеште пресс-конференция берүүнү пландаган, бирок экинчи кабаттан секирип, качып кеткен. Андан кийин Камчыбек Ташиев аны камабай турганын айткан. Кылмыш иштин негизинде Боршайком мүчөлөрү 2-февралда аны мандатынан ажыратышкан. Бош калган мандат Эльдар Абакировго берилген.

Ал эми Нуржигит Кадырбеков менен Тазабек Икрамов ыйгарым укуктарын өз калоолору менен тапшырышкан. Бирок, ага чейин экөө тең УКМКга сурак берип чыгышканы маалым болгон. Нуржигит Кадырбеков “Ыйман” фондунун ишмердүүлүгү боюнча күбө катары чакырылган. Андан кийин Нуржигит Кадырбек журналисттерге тергөөнүн купуялуулугун сактоо боюнча кагазга кол койгонун айтып, комментарий берген эмес.

Мандат аркылуу министр, губернатор болгондор

Жогорку Кеңешке келген адам карьерасынын туу чокусуна жетти десе болобу? Абал көрсөтүп жаткандай, антип айтыш оор. Анткени шайланып келген үч депутат мандатын тапшырып, аткаруу бийлигине кошулушкан. 

2022-жылдын февраль айында Алтынбек Сулайманов Президенттин Ысык-Көл облусундагы ыйгарым өкүлү болуп дайындалган. Көп өтпөй бул кызматтан өз каалоосу менен кетүүгө арыз жазып, региондордо учурдагы башкаруу формасы менен өнүгүү болбостугун айткан.

Равшанбек Сабиров да мандаттан баш тартып, Инвестициялар боюнча мамлекеттик агенттикти жетектеп кеткен. Бул кызматка ал 2022-жылдын март айында дайындалган

Дагы чоң кызматка кеткен - Бакыт Төрөбаев. Төрөбаев 2022-жылдын май айында Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары болуп дайындалган. Бир аз өтүп ошол эле жылдын аягында Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигин жетектеп баштаган. Азыркыга чейин бул эки кызматты аркалап келет.

Бир мандатка үчтөн учкашып…

Депутаттардын бат-бат алмашуусу бир креслого бир канча адам отурган учурларга да алып келген. Жетинчи чакырылышта мындай мисалдардын үчөөнү тапса болот. Бакыт Төрөбаев депутаттык ант берген соң бир аз убакыттан кийин эле айыл-чарба министрлигин жетектеп кеткен. Анын ордуна Абдыбахаб Боронбаев келген. Бирок ал да мандатын тапшырган. Эми ал мандатка Саид Зулпуев ээлик кылууда. Калган учурларды төмөнкү графиктен көрсөңүз болот.

“Диплому жок, соттолгон, министр болуп кеткен”. Депутаттардын мандаттарын тапшырган себептеринин анализи

Кайра шайлоого кайра акча бөлүнгөн

Жогорку Кеңештин курамы, Конституцияга ылайык, токсон депутаттан турат. Демек, депутат мандатын тапшырган же ажыратылган учурда анын ордуна партиялык тизмеде кийинки турган адам келиши керек. Бирок, биздин парламент пропорционалдык жана мажоритардык негизде шайланат. Кайсы-бир округдан шайланган депутат ыйгарым укуктарынан ажыратылса, ошол округда кайра шайлоо жарыяланат.

Жетинчи чакырылыш шайлангандан тарта он бир шайлоо округунда кайра шайлоо дайындалган. Булардын арасынан айрымдарында чогуу өткөрүлсө, айрымдарында эки жолу шайлоо болгон. Аталган добуш берүүлөргө жалпысынан 127 миллион сомдон ашык каражат коротулган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты