Шайлоонун алдын ала жыйынтыгы боюнча Ошто Эргешов, Кара-Сууда Кубанычбеков алдыга чыкты

  • 3 месяца мурун

Борбордук шайлоо комиссиясы бир мандаттуу округдан Жогорку Кеңешке депутаттарды мөөнөтүнөн мурда шайлоодо добуш берүүнүн алдын ала жыйынтыгын сайтына  жарыялады.

Ош округунан Жогорку Кеңештин депутатын шайлоодо талапкер Бекмурза Эргешов добуштардын 43,80 пайыз алып алдыга чыкты.

Кара-Суу округунда 36,16 пайыз добушту Илимбек Кубанычбеков алды.

Эске салсак, 26-апрелде БШК Эргешовду административдик ресурс колдонууга айыптаган арыздыр негизинде жарыштан четтеткен. 27-апрелдк Бишкек шаарынын административдик соту БШКнын талапкер Бекмурза Эргешовду жарыштан четтеткен чечимин жокко чыгарган.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты