Сот Адахан Мадумаровду күнөөлүү деп таап, жазадан бошотуу чечимин чыгарды

  • 4 месяца мурун

Бүгүн, 26-мартта Биринчи Май райондук сотунда “Бүтүн Кыргызстан” фракциясынын лидери Адахан Мадумаровдун иши каралды.

Соттук отурум жабык өттү. «Сот Адахан Мадумаровду эки берене боюнча күнөөлүү деп таап, жазадан бошотуу деген чечимин чыгарды. Прокурордун өтүнүчү менен соттун чечими күчүнө киргенге чейин мурдагы баш коргоо чарасы калтырылды», — деди Акыл Айтбаев

19-мартта өткөн соттук отурумда прокурор соттон Адахан Мадумаровду коюлган айып боюнча күнөөлүү экенин, бирок кылмыш ишинин мөөнөтү өтүп кеткендиктен ишти кыскартууну суранган. Бул тууралуу Мадумаровдун адвокаты Кубанычбек Туманов «Азаттыкка» билдирген. “Биз кылмыш ишинин мөөнөтү эскиргенин башынан эле айтып келатабыз. Сотто биз да жарыш сөздү баштадык. Кийинки жумада сот уланат. Адвокаттар жана Адахан Кимсанбаевич жарыш сөздү айтып бүтсө, акыркы сөз берилет. Биз Адахан Кимсанбаевич соттун өкүмү менен акталат деп ишенебиз”, — деди адвокат.

 Адахан Мадумаровду былтыр 2-сентябрда Бишкекте Ички иштер министрлигинин атайын даярдыктагы отрядынын кызматкерлери кармап кеткен. Адахан Мадумаровго Ички иштер министрлиги тарабынан кылмыш-жаза кодексинин 323- беренеси (мамлекеттик чыккынчылык) боюнча айып коюлгандыгы маалымдалган. Мадумаровго «алдамчылык» беренеси боюнча дагы айып коюлган. Чыңгыз Абдымомунов аттуу адам 2015-жылы “Бүтүн Кыргызстан” партиясына 50 миң доллар бергенин айтып, аны кайра кайтарып берүү өтүнүчү менен милицияга арыз жазган. Бул ишке байланыштуу “Бүтүн Кыргызстан” партиясынын саясий кеңешинин мүчөсү Акыл Айтбаев да шек саналып жатат.

Муну бөлүшүү

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты