Дипломатия тармагындагы орусча-кыргызча терминдер сөздүгүнүн бет ачары өттү
- 1 месяц мурун
Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы орусча-кыргызча терминдер сөздүгү 2025-жылы Тышкы иштер министрлигинин кызматкерлери Г. Байымбетова, Н. Жусубакунова жана В. Туманова тарабынан Мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын, ошондой эле Кыргыз энциклопедиялык жана терминологиялык борборунун колдоосу менен жарык көргөн.
Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги (ТИМ) билдирди.
Маалыматта айтылгандай, сөздүктө эл аралык мамилелер жана дипломатия чөйрөсүндөгү негизги терминдер жана сөз айкаштары, ошондой эле мамлекеттердин жана эл аралык уюмдардын аталыштары камтылган.
30-январда Тышкы иштер министрлигинде (ТИМ) “Эл аралык мамилелер жана дипломатия тармагындагы орусча-кыргызча терминдер сөздүгүнүн” бет ачары өттү.
Бет ачарга тышкы иштер министри Жээнбек Кулубаев, мамлекеттик тил жана тил саясаты боюнча улуттук комиссиянын төрагасы Мелис Мураталиев, ТИМдин кызматкерлери жана Улуттук комиссиянын өкүлдөрү катышты.
Кулубаевдин айтымында, сөздүк дипломаттар жана мамлекеттик кызматкерлер үчүн гана эмес, кеңири коомчулук үчүн да талап кылынган маанилүү курал болуп саналат. Кыргыз тилиндеги эл аралык терминологияны бирдиктүү кылууда жана системдештирүүдө негизги ролду ойнойт.
Катышуучуларга “Айтил” платформасы жана кыргыз тилин үйрөнүүнү жеңилдетүүгө багытталган “Кыргызча оңой” уюлдук колдонмосу деп аталган Улуттук комиссиянын санариптик долбоорлору тааныштырылды. Мындан тышкары, мамлекеттик кызматкерлерге жана жарандарга мамлекеттик тилде расмий документтердин бирдиктүү үлгүлөрүнө жеткиликтүүлүктү камсыз кылган document.gov.kg порталынын иши көрсөтүлдү.
Сүрөт: ТИМ




