Дин иштери боюнча агенттиктин төрагасы жана орун басары кызматтан бошотулду
- 6 месяцев мурун
Президентке караштуу Дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы Азамат Юсупов, төраганын орун басары Руслан Мусаев кызматтан бошотулду.
Бул тууралуу тескемеге Садыр Жапаров кол койгондугу тууралуу президенттин расмий сайтында маалымдалды.
Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия президентке караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп 15-апрелде өзгөртүлүп түзүлгөн.
Сүрөттө: Азамат Юсупов. Интернет булактарынан
Муну бөлүшүү




