Дин иштери жана этностор аралык мамиле боюнча агенттик түзүлүп, төрага дайындалды

  • 1 месяц мурун

Азамат Юсупов мурдагы кызмат ордунан бошотулуп, президентке караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттиктин төрагасы болуп дайындалды.

Тиешелүү тескемеге Садыр Жапаров кол койгону тууралуу президенттин сайтында маалымдалды.  

Буга чейин Азамат Юсупов дин иштери боюнча мамлекеттик комиссиянын директору болуп иштеген.

Дин иштери боюнча мамлекеттик комиссия президентке караштуу дин иштери жана этностор аралык мамилелер боюнча улуттук агенттик болуп 15-апрелде өзгөртүлүп түзүлгөн. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгон.

Сүрөттө: Азамат Юсупов. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты