Депутаттык комиссия сатылып кеткен менчиктештирилген мүлктү кайтаруу сунушун берди

  • 10 месяцев мурун

Бүгүн, 21-июнда, Жогорку Кенештин жыйынында «Кесиптик бирликтер жөнүндө» мыйзамдын аткарылышын иликтөө боюнча убактылуу депутаттык комиссиянын корутундусу угулду.

Убактылуу депутаттык комиссиянын төрагасы Шайлообек Атазов Кыргызстан профсоюздар федерациясы мүчөлүктөн түшкөн каражаттарды мыйзамсыз каалагандай пайдаланып, өз кызыкчылыктарына колдонуп турган. Анын кесепетинен федерациянын карамагындагы эс алуучу объектилер оңдоп-түзөөдөн өтпөй, азыр четинен талкаланып жатат.

“”Кыргыз-курорт туризм башкармалыгынын берген маалыматында 1995-2022-жылдар аралыгында  Кыргызстан профсоюздар федерациясынын карамагындагы 96 объект сатылган. Аларды менчиктештирүүгө мамлекеттик кызматкерлердин, сот жана укук коргоо органдарынын жана мурунку чакырылыштын депутаттарынын да катыштыгы бар” деп билдирди депутат.  

Мыйзамсыз сатылган мүлктөр боюнча учурунда 29 кылмыш иши козголуп, бирок алардын үчөө гана сотко жеткен.

Убактылуу депутаттык комиссия бир катар сунуштарды берди. Башкы прокуратура 1992-жылдан тартып ушул учурга чейин Кыргызстан профсоюздар федерациясына караштуу мүлктөрдү саткан жетекчилерге чара көрүү;

-Убагында ар-кандай себептер менен сатылып, менчиктештирилген мүлктөрдү мамлекетке кайтаруу;

-Менчиктештирүүгө, сатууга көмөктөшкөн тиешелүү мамлекеттик кызматкерлерге карата чара көрүү;

-“Кесиптик бирликтер жөнүндө” мыйзамынын жаңы редакциясын иштеп чыгуу;

-Кыргызстан профсоюздар федерациясынын колдонуусундагы мүлктөрдү Министрлер кабинетине же Президенттин иш башкармалыгына өткөрүп берүү;

-Кесиптик бирликте кадрдык өзгөртүүлөрдү жүргүзүү сунуштарын берди.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты