Депутаттык комиссия “Кумтөрдө” алтын уурдоо, санын бурмалоо фактысы жок деген жыйынтык чыгарды

  • 12 месяцев мурун

“Кумтөр” өндүрүшү, өндүрүлгөн алтынды сатуу жана сактоосун аныктоо боюнча депутаттык комиссия ишин аяктап, бүгүн, 6-апрелде, ЖМКга маалымат берди.

Комиссиянын төрагасы депутат Арсланбек Малиев жана анын мүчөлөрү Динара Ашимова, Надира Нарматова болгон 8 адамдан турган топ иштеди.

Арсланбек Малиев 2023-жылдын 26-январына карата Улуттук банктын сактагычындагы Кыргыз Республикасынын алтын запасынын калдыгы 44 944, 13 кг бар экенин билдирди. Мындан тышкары Улуттук банктын маалыматы боюнча, 1362,03 кг алтын Швейцариядагы чет өлкөлүк банкта сакталып турат. 26-январга карата 45 тонна 306 кг 16 грамм алтын бар.

Иштин жыйынтыгы боюнча “Кумтөр голд компани, “Кыргызалтын” ,КР Улуттук банкы тарабынан алтын сатып алуу, сатуу, сакталып турган жана ташыган убактылуу депутаттык комиссия уурдоо жана сакталган алтындын санын жана сапатын, наркын атайын бурмалоо фактысы жок деген жыйынтыкка келди.

“Кумтөрдүн” алтынын казып алуу, сатуу жагдайы боюнча иликтеген комиссия Улуттук банктын отчетун караган эмес.

Бул тууралуу ЖМК үчүн жыйында бүгүн комиссия төрагасы Арсланбек Малиев билдирди.  

Эске сала кетсек, 2022-жылдын январь айында “Кумтөр голд компани” жабык акционердик коому жылдык отчет берип, 2021-жылы “Кумтөр” 14, 5 тонна алтын өндүргөнү айтылган.

Акылбек Жапаров “Кумтөрдүн” алтыны Кыргызстанда экенин билдирген.  

Ал учурдагы башкаруучу Тенгиз Бөлтүрүк “Кумтөрдүн” алтынын мындан кийин Улуттук банк сатып алат деп билдирген. Бирок Улуттук банк “Кумтөрдүн” алтынын сатып алуу боюнча макулдашуу түзүлбөгөнүн билдирген.  

Өткөн жылы апрель айында Садыр Жапаров  Улуттук банк “Кумтөрдүн” алтынын чет өлкөгө сатып жатканын айткан. Кийин ЖМКдан Улуттук статистика комититетинин маалыматында белгилүү болгондой,  Улуттук банк 19, 2 тонна алтын, жалпы баасы 1,1 млрд долларлык алтын сатканы белгилүү болгон. Бирок Улуттук банк бул алтын эл аралык резервден экенин маалымдаган.   Ал эми ошол эле Улуттук банк 2021-жылы отчетунда Кыргызстан өз резервинен 14,4 тонна алтын сатканы айтлган.

Ошондон улам парламенттик комиссия түзүлгөн. Бирок Арсланбек Малиев айткандай, депутаттык комиссия Улуттук банктын отчетун караган эмес.  

Кыргызстандагы Кумтөр кени – Борбор Азиядагы эң ири алтын кендеринин бири. Кендеги өндүрүш башталган 1997-жылдан бери 14,1 млн. унций же 399,729 тонна алтын өндүрүлгөн.

Канадалык “Центерра Голд” компаниясы башкарып келген Кумтөр кенин Кыргызстандын бийлиги 2021-жылдын май айында өз карамагына алган.

Сүрөт: Комиссиянын ЖМК үчүн жыйынынан. «ПолитКлиника».

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты