Депутаттардын кайым-айтышы: Сүйүн Өмүрзаков Дастан Бекешевге “кысып сүйлөңүз” деди (Видео)  

Бүгүн, 19-октябрда, Жогорку Кеңештин жыйынында “Кыргыз Республикасынын кылмыш-жаза кодексине өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө” мыйзам долбоору экинчи окууда каралды.

Мыйзамдын демилгечилери депутаттар М.Абдалиев, К.Талиева, С.Өмүрзаков, М.Саккараев, Г.Култаева, Ш.Атазов, А.Исатбек кызы, Ж.Кыдыкбаев, А.Козуев, М.Маматалиев, Б.Түлөбаев.

Мыйзам долбоору республикада, анын ичинде айрыкча, айыл жерлеринде мал уурдоо кылмыштарын болтурбоо же азайтуу максатында демилгеленип жатат. Кылмыш-жаза кодексинде жана Укук бузуулар жөнүндө кодексинде мал уурдоо кылмышы үчүн жоопкерчиликтин белгилениши, бул түрдөгү кылмыштарды азайтууга шарт түзөрү айтылууда.

Кылмыш жаза кодексинин 205-беренесинин 4-бөлүгүндө көрсөтүлгөн уурулук жосунун өзгөчө ири өлчөмдө, уюшкан топ тарабынан жана кылмыштуу коомдоштуктун курамында жасалган учурда күнөөлүү (айыпкер) адамдардын мүлкүн конфискациялоо жоопкерчилиги каралган.  

Депутат Дастан Бекешев адам уурдагандарга караганда мал уурдаган кылмышкерлерге колдонулуучу жаза чарасы жогору экендигин белгилеп, мыйзам долбоорундагы санкция чараларын азайтуу сунушун көтөрдү.

“Мал уурулукту жазалоону колдойм, бирок санкцияны колдобойм, бул өзү туура эмес” деп билдирди депутат Бекешев.

Мыйзамдын демилгечилери Сүйүн Өмүрзаков жана Мейкинбек Абдалиев Дастан Бекешевдин сунушуна бир канча ирет каршылык көрсөттү.

Депутат Абдалиев депутат Бекешевди айыл жеринде жашаган эмессиң дегендей таризде сөз ыргытты. Бекешев “мен айылда жашагам” деп айтып,  бирок сөз төркүнү башкада экенин белгиледи.

Ал эми мыйзам демилгечилеринин бири Сүйүн Өмүрзаков Дастан Бекешевге жооп кылып:

“Кылмышка келгенде гумандуу болбой эле койсок”, “Жакшынакай… кысып сүйлөңүз, мен сизден суранып кетем. Баарын мыйзам ченеминде кылып жатабыз» деп билдирди депутат Өмүрзаков.       

Талкууда депутат Айбек Осмонов жашы жете элек өспүрүм мал уурулукка билип-билбей катышып, анын негизинде соттолсо, анын тагдыры кандай болот деген суроо салды.

Ага башкы прокурордун орун басары Үмүткан Коңкубаева уурулукту билбей жасаган өспүрүмдөргө тергөөнүн жыйынтыгына карап, кылмыш иши кыскартылат деп маалымат берди.  

Депутат Марлен Маматалиев аталган мыйзам долбоорун кабыл алуу мезгилдин талабы экендигин айтып, аны колдоого чакырды.

Депутат Кундузбек Сулайманов туугандардын ортосунда катталган мал уурдоого байланыштуу тараптардын жарашуусунан кийин колдонулуучу жаза чараларын тактады.

Аталган мыйзам долбоору экинчи окууда кабыл алынды.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты