Депутаттар энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө жана сатууга тыюу салууну сунуштады

  • 5 месяцев мурун

Бүгүн, 4-декабрда, Жогорку Кеңештин социалдык саясат боюнча комитетинин жыйынында Кыргызстанга энергетикалык суусундуктарды ташып келүүгө, өндүрүүгө, сатыкка чыгарууга жана сатууга тыюу салуу жөнүндө мыйзам долбоорлору каралды.

Мыйзам долбоору Жогорку Кеңештин депутаты Улан Бакасов тарабынан демилгеленген.

Демилгенин автору белгилегендей, мыйзам долбоорлору Кыргыз Республикасынын жарандарынын ден соолугун коргоого, энергетикалык суусундуктарды керектөөнүн кесепеттеринен келип чыккан ооруларды кыскартууга багытталган.

«Энергетикалык суусундуктар – бул адамга энергия берип, анын физикалык же психикалык ишмердүүлүгүн жогорулатууга арналган суусундуктар. Алар нерв системасынын күчүнүн убактылуу көтөрүлүшүн жана толкундануусун жаратат. Энергиялык суусундуктар кыянаттык менен пайдаланганда өтө кооптуу болушу мүмкүн. Кофеиндин көбүрөөк дозалары жүрөктүн олуттуу көйгөйлөрүнө алып келет жана анын көмүр кычкыл газы жана кант менен айкалышы ашказан жана боор үчүн коркунучтуу. Ал тургай, энергияны сейрек колдонуу аритмияга жана башка көйгөйлөргө алып келиши мүмкүн. Өзгөчө бул жүрөк-кан тамыр системасынын оорулары менен ооруган адамдар үчүн тиешелүү болуп саналат»- деди депутат.

Андан соң эл өкүлү энергетикалык суусундуктардын курамындагы кофеин, таурин, карнитин жана башка заттардын зыян таасирине кеңири токтолду. «Жогоруда айтылгандардын бардыгынан биз энергетикалык суусундуктар эч кандай кереметтүү күчкө ээ эмес, тескерисинче, алар денени гана сыгып, анын ишин кайра-кайра стимулдайт деген тыянак чыгарууга болот», — деп баяндамасын жыйынтыктады.

Талкуу маалында, комитет мүчөлөрү сунушталып жаткан мыйзам долбоорлорун колдоп, бул демилге калктын, өзгөчө жаш муундун ден соолугун коргоого багытталганын баса белгилешти.

Иллюстрациялык сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты