Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Жогорку Кеңештин депутаты, Конституциялык мыйзам, мамлекеттик түзүлүш, сот-укуктук маселелер жана Жогорку Кеңештин Регламенти комитетинин төрагасынын орун басары Жусупбек Коргонбай уулу кем эле дегенде үч мыйзамды бузуп жатат. Алар “Кызыкчылыктардын кагылышуусу жөнүндө”, “КР ЖК депутатынын статусу жөнүндө”, “Мамлекеттик жарандык кызмат жана муниципалдык кызмат жөнүндө» мыйзамдары.  Мыйзамдардын негизинде депутатка жана анын  жакындарына бизнес менен алектенүүгө тыюу салынган.

2020-жылы Жусупбек Коргонбай уулу  “Биримдик” партиясынын курамында Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган. Революциядан кийин кайра шайлоо болуп, Ноокат бир мандаттуу шайлоо округунан жеңишке жетип, 2021-жылдын декабрь айында эл өкүлү болуп шайланды. 

Жусупбек Коргонбай уулу 2015-жылдан тарта “Республика-Атажурт” партиясынан Бишкек шаардык кеңешинин депутаты болгон.  2018-жылы Борбордук шайлоо комиссиясы анын орус жараны экенин аныктап, мандатынан ажыраткан. Кийин райондор аралык сот Боршайком чечим кабыл алууда Орусиянын Юстиция министрлигинин легитимсиз катынын көчүрмөсүн колдонгонун жүйөө келтирип, Жусупбек Коргонбай уулунун арызын канааттандырган. БШК кайра кассациялык арыз жазып, Жогорку Соттон утуп алган.

Sled.kg порталынын маалыматына ылайык, Жусупбек Коргонбай уулу бир нече компанияга ээ.Алардын бири — курулуш менен алектенген “Восток KG Сервис” жоопкерчилиги чектелген уюм. 2018-жылы кайра каттоодон өткөн жана учурдагы жетекчиси Толгобаев Чыныбек Мажитович болуп саналат. Ал эми уюштуруучусу Жусупбек Коргонбай уулу (“Мармара Стоун” ЖЧКга ишенимдүү башкарууга өткөн):

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Эки жыл мурда 27-мартта болжол менен таңкы саат 03.00до  компания салып жаткан көп кабаттуу үйдүн дубалы жанындагы эки кабаттуу үйдүн үстүнө кулап, ичинде уктап жаткан улгайган аялды жана жаш баланы басып калган. Алар тирүү калган, бирок түрдүү деңгээлдеги жаракаттарды алышкан. Архитектура, курулуш жана турак-жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги курулуш сапатсыз салынып жаткандыгын аныктап, лицензиясын токтотууну сурашкан. Ленин райондук ички иштер башкармалыгы коопсуздук эрежелери сакталбаганын жүйөө келтирип, курулуш жүргүзүп жаткан бригаданын жетекчилерин (ред.- прораб) КР кылмыш кодексинин 272-беренесинин 2 бөлүгүнө (“Тоо, курулуш жана башка жумуштардын коопсуздук эрежелерин бузуу”) ылайык,  жоопко тартышкан.

Жусупбек Коргонбай уулу Фейсбук социалдык түйүндөгү баракчасына компаниянын негиздөөчүсү болбой калганын билдирген.

Sled.kg интернет-порталынын маалыматына ылайык, “KG Восток Сервис” 2003-жылы Кипрдин түштүгүндөгү Лимасол шаарында негизделген “BRINA TRADING & INVESTMENT LIMITED ” курамына кирет. Журналисттер аныктагандай, “BRINA TRADING & INVESTMENT LIMITED”  уюмунун жайгашкан дареги менен “Multilycisis Services Limited” компаниясынын дареги бир.

Мындан тышкары компаниянын веб-сайтында жазылган маалымат боюнча командада иштеген 8 адамдын айрымдары эки компанияда тең иштейт (Татьяна Кассапи аттуу жаран эки фирмада тең иштейт). Уюм бардык каалоочуларга Кипрде компанияларды каттоо, иммиграция, салык боюнча жана “ишенимдүү адам” жардам кызматтарын көрсөтөт.

Эл өкүлүнө таандык дагы бир компания “Жус-Бек Компани. Ал 2008-жылы катталган жана дүң соода менен алектенет. Кийин Мамажанова Даана Ахунбаевна менен “Мармара Стоун”  компаниясына ишенимдүү башкарууга өткөрүлүп берилген:

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Депутат ээлик кылган дагы бир уюм “Көк- Жатык” жоопкерчилиги чектелген коом 2004-жылы негизделген жана ал дагы дүң соода менен алектенет.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Депутаттын булардан тышкары 2016-жылга чейин Орусияда иш жүргүзгөн эки компанияга да ээлик кылганын көрүүгө болот. Алар “Нур – Россия Компани” жана “Бекмир” бизнес уюмдары. 2023-жылдын жаз айында Жусупбек Коргонбай уулу  “Ысман Тоо” аттуу уюмду сатып алганы тууралуу видео социалдык түйүндө тарап кеткен. Видеодо депутат өзү Кадамжай районунда көмүр казуу иштери менен алектенген компаниянын 100% үлүшүн 520 миң долларга сатып алганын билдирген.

Видео тарап кеткенден кийин, депутат бул сатып алуу иштеринде ортомчу гана болгонун айтып актанып чыккан. Юстиция министрлигинен алынган маалымат боюнча “Ысман-Тоо” ЖЧК 2023-жылдын апрель айында кайра каттоодон өткөн (бул дата видеодо Жусупбек Коргонбай уулунун билдирүүсү менен дал келет) жана учурда анын директору катары Исмаилов Ирматбек Бакирович, ал эми уюмдаштыруучу катары Маликов Сейдали Мукарамович көрсөтүлгөн. Биз депутаттын бул адамдар менен байланышын аныктай алган жокпуз. Бирок журналисттер Коргонбай уулунун жубайына да бир нече бизнес уюмдар таандык экенин аныкташкан.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Жусупбек Коргонбай уулунун жубайы Алашева Таттуугул Ахматбековна “Восток-Сервис Ойл” компаниясынын жетекчиси болуп саналат. Компания соода ишин жүргүзөт:

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Жусупбек Коргонбай уулунун бир катар коммерциялык уюмдарын ишенимдүү башкарууга алган ”Мармара Стоун” компаниясы Алашева Таттуугул Ахматбековнага таандык.

Депутат Жусупбек Коргонбай уулу бери дегенде үч мыйзамды бузуп жатат

Таттуугул Алашева 2020-жылы өткөн парламенттик шайлоодо “Биримдик” партиясынын ишенимдүү өкүлү да болгон.

Ошентип, макалада Жусупбек Коргонбай уулу депутат болуп туруп, Кыргызстандагы кем эле дегенде үч мыйзамды бузуп жаткандыгына күбө болдук. Дагы бир жолу белгилеп өтсөк, мыйзамдардын негизинде депутатка жана анын  жакындарына бизнес менен алектенүүгө тыюу салынган. Буга карабастан, politmer.kg сайтынын журналисттеринин анализине ылайык, ЖК депутаттарынын көпчүлүгүнүн өзүнө же жакындарына таандык коммерциялык уюмдары бар. Мыйзам чыгаруучулардын өздөрүнүн мыйзам бузуп жатышы биздин өлкөдө, тилекке каршы, кадыресе көрүнүшкө айланды.

Автор: Наргиза Нанакеева

Баш сүрөттө: Жусупбек Коргонбай уулу. kenesh.kg


Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты