Депутат Жанарбек Акаев: Кемпир-Абад боюнча камалгандарды бошотуу керек (Видео)

Депутат Жанарбек Акаев бүгүн, 2-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында Кемпир-Абад маселеси боюнча саясий негизде камалгандарды бошотуу боюнча маселе көтөрдү.

-Кечээ төрт депутат №1 СИЗОго кирип, камалган аялдар, эркектер менен жолугушуп чыктык.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү баары бир добуштан “биз эч кандай баш-аламандыкка, ызы-чууга үндөгөн эмеспиз” деп айтышты. “Болгону оюбузду билдирген тынч жыйындарды гана өткөрүүнү пландаганбыз” дейт. Атай Бейшенбек деген жигит менен жолуктук, “аларга басып да барган эмесмин дейт, телефондон да, Интернеттен да сүйлөшкөн эмесмин, жөн эле Фейсбукта пост жазганым үчүн алып барып камап коюшту” дейт.

Мына ушундай жагдайда камалып олтургандарды шаардык сотто адилеттүү карап, саясий чыңалууга алып барбастан, ушулардын баарын бошотуш керек. Анткени чын эле көчөгө чыкпаса, баш-аламандык, ызы-чуу жөнүндө сөз болбосо.  Эми ошондой болот да. Болбосо,  Баш мыйзамга “экиден ашык киши чогулганга болбойт” деп жазып коюшубуз керек.

Бирок Жаза аткаруу кызматы тарабынан басым, кысым жок экенин адилеттүүлүк үчүн айтып коюшубуз керек, -деди Жанарбек Акаев.

Кемпир-Абадды коргоо комитетинин мүчөлөрү Кыргызстанда башаламандык уюштурууга шек саналып, жапырт кармалган саясатчылардын жана активисттер эки айга камакка алынды. Мындай чечимди 24-октябрда жана 25-октябрга караган түнү Бишкектин Биринчи май райондук соту чыгарды.

Камалган саясатчылар менен активисттердин көбү — «Кемпир-Абадды» коргоо комитетинин мүчөлөрү. Камалгандар Азимбек Бекназаров, Жеңиш Молдокматов, Асия Сасыкбаева, активист Али Шабдан, Атай Бейшенбек, Рита Карасартова, Айданбек Акматов, Равшан Жээнбеков, Кубанычбек Кадыров, Чыңгыз Капаров, .Перизат Суранова, Кеңешбек Дүйшөбаев, Нурлан Асанбеков, Эрлан Бекчоро уулу, Айбек Бузурманкулов, Таалайбек Мадаминов, Улукбек Маматаев, Гүлнара Журабаева, .Клара Сооронкулова, Бектур Асанов, Талант Эшалиев жана башкалар.

Ички иштер министрлиги (ИИМ) аларга кылмыш-жаза кодексинин 36-278-беренеси (“Массалык башаламандык уюштурууга даярдануу”) менен козголгон кылмыш иштин алкагында тергөө жүргүзүлүп жатканын маалымдаган.

24-октябрда саясатчылардын, активисттердин жапырт камалышы жана Кемпир-Абад маселеси боюнча жөө жүрүш уюштурулду.

15-октябрда Ош облусунун Өзгөн районунда Кемпир-Абад суу сактагычына байланыштуу элдик курултай өтүп, ага бир катар оппозиционер саясатчылар катышкан. Анда суу сактагычты Өзбекстанга бербөө талабы коюлган.

Президент Садыр Жапаров 9-октябрда «Кабар» агенттигине курган маегинде кыргыз-өзбек чек арасы, Кемпир-Абад маселеси тууралуу суроолорго жооп берген. Анда ал талаш жерлердин дээрлик 99% Кыргызстанга өткөнүн билдирген.

Улуттук коопсуздук боюнча мамлекеттик комитеттин төрагасы Камчыбек Ташиевдин айтымында, келишим ратификация болсо, Кемпир-Абад суу сактагычы жайгашкан 4485 гектар жер Өзбекстанга өтөт. Кошуна өлкө сууну бууп турган дамбага ээлик кылат. Мурда кыргыз-өзбек чек арасы суу сактагычты бөлүп өтүп турган.

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты