Депутат Ташиевдин мандат тапшыруу маселеси боюнча “Ата-Журт-Кыргызстан” чечим кабыл алды

  • 2 года мурун

Депутат Шаирбек Ташиев  “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясына депутаттык мандатын тапшыруу маселесин кароо боюнча кайрылды. Мындан улам, кечээ, 26-январда, “Ата-Журт Кыргызстан” фракциясы жыйында депутат Шайырбек Ташиевдин  кайрылуусун талкуулады.

Шайлоочулардан Жогорку Кеңештин депутаты Шайырбек Ташиевдин чечимине каршы болгон кайрылуулардын келип жаткандыгын жана шайлоодо №14 Жалал-Абад бир мандаттуу шайлоо округунан 21 миңден ашуун добуш алгандыгын эске алуу менен, фракция анын мандатын тапшыруу чечимине түрткү болгон жагдайларды терең иликтөө жүргүзүү үчүн Жогорку Кеңештин төрагасына кайрылуу жолдоду.

“Ш.Ташиевдин депутаттык мандатын тапшыруу маселесин ар тараптуу жана адилет иликтөөнү камсыз кылып берүү максатында тиешелүү чараларды көрүүнү өтүнөбүз” деп жазылды кайрылууда.

Шаирбек Ташиев УКМК төрагасы Камчыбек Ташиевдин бир тууган иниси. Ал мандатын тапшыра турганын Камчыбек Ташиев 23-январдагы  маалымат жыйында билдирген.

Агасы УКМК башчысы болгондон кийин депутаттын Жалал-Абаддагы таасири күчөгөнү айтылып келет.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты