Депутат Талиева РФ МамДума депутаты Журованын айткандарына жооп берди

  • 1 год мурун

Жогорку Кеңештин депутаты Камила Талиева Россия Федерациясынын Мамдумасынын депутаты Светлана Журованын КР ЖК төрагасы Нурланбек Шакиевдин кыргыз тили жана Бишкек шаарынын райондорунун аталыштарын өзгөртүү боюнча курултайда айткандары боюнча жооп берди.

-Кыргызстан эгемендүү, көз карандысыз мамлекет катары биримдик менен ынтымакка негизделген баалуулуктарды карманат. Баш мыйзамыбызда Кыргызстандын элин бардык этностордон турган Кыргыз Республикасынын жарандары түзөрү баса белгиленип, бизде гана орус тили расмий тил макамына ээ. Андыктан, Россия Федерациясынын Федералдык жыйынынын Мамлекеттик думасынын депутаты Светлана Журованын эл аралык эрежеге туура келбеген, мамлекеттик алакаларга көлөккө түшүргөн жана өнөктөш өлкөнүн ички ишине кийлигишкен билдирүүсү негизсиз экенин белгилейм. Анткени, орус тилинин Кыргызстанда орду өзгөчө, мыйзамдарыбыздан баштап, көчөдөгү көрнөк-жарнактарыбызга чейин мамлекеттик тилибиз менен катарлаш колдонулуп келет.

Ал эми административдик-аймактык аталыштарды, анын ичинен Бишкек шаарындагы райондордун аттарын өзгөртүү тууралуу Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин демилгеси тууралуу айтсак, бул эгемен мамлекетибиздин ички иши жана Кыргызстан менен Россиянын алакасына эч кандай тиешеси жок. Себеби, айыл-шаарлардын атын өзгөртүү демилгеси Россия Федерациясынын өзүндө да ийгиликтүү ишке ашырылып, Свердловк шаары Екатеринбург, Ленинград шаары Санкт-Петербург деп жаңыртылганы баарыбызга белгилүү.

Мындай өзгөртүүлөр көп улуттуу Совет мезгилинин учурунда да жүргүзүлүп келген. Андыктан антиорусиялык маанайды калыптандырып, байыркы кыргыз эли менен улуу орус элинин достук, стратегиялык өнөктөштүк жана тыгыз кызматташтык мамилесине терс таасир берүүчү пикирлерди айтуудан алыс болууга чакырам,- деди депутат Камила Талиева.

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев мындай деп сунуш келтирген:

-Биз тил деп тилибиз тешилгенче айтканыбыз менен, бирок, тилибизди өнүктүрүү максатка ылайыктуу жүргөн жок. 33 жылдан бери конкреттүү кадамдар жасалган жок деп айтсак болот. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны, кыргыз тилин билиши керек. Бул чоң талап болууга тийиш. “Кыргыз жараны кыргыз менен эне тилибизде сүйлөшүсү, бөлөк тилди билбегени уят эмес, кыргыз тилин билбөө уят” деген ураан менен жашашыбыз керек” деп айткан. 

Ошондой эле Шакиев Бишкек шаарынын Биринчи Май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунун атын өзгөртүү керек деген сунушун айткан.

Өлкөбүздө тилекке каршы көпчүлүк аймактарда башка тилде аталган жер-сууларыбыз бар. Биз ошолордун баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Алсак баш калаабыз Бишкекте төрт район бар. Аларды кыргызчалоо керек» деп айткан Шакиев.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты