“Украинанын жолу менен бара жатасыңар”.  Орусиянын Конституцияга жана макулдашууларга каршы келген “кичинекей эскертүүсү”

25-ноябрда Бишкекте Биринчи Элдик Курултай ишин баштады. Эки күнгө созулган бул иш-чарага президент Садыр Жапаров, Жогорку Кеңештин Төрагасы Нурланбек Шакиев баштаган депутаттар, Министрлер кабинетинин мүчөлөрү жана өлкөнүн бардык аймактарынан келген делегаттар катышууда.

Бишкек шаарындагы төрт райондун атын алмаштыруу демилгеси 

Курултайда Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиев сөз сүйлөп, кыргыз тилине байланыштуу бир катар маанилүү маселелерди көтөргөн. 

“Украинанын жолу менен бара жатасыңар”.  Орусиянын Конституцияга жана макулдашууларга каршы келген “кичинекей эскертүүсү”

“Биз тил деп тилибиз тешилгенче айтканыбыз менен, бирок, тилибизди өнүктүрүү максатка ылайыктуу жүргөн жок. 33 жылдан бери конкреттүү кадамдар жасалган жок деп айтсак болот. Ошондуктан ар бир кыргыз жараны, кыргыз тилин билиши керек. Бул чоң талап болууга тийиш. “Кыргыз жараны кыргыз менен эне тилибизде сүйлөшүсү, бөлөк тилди билбегени уят эмес, кыргыз тилин билбөө уят” деген ураан менен жашашыбыз керек”, — деп айткан. 

Ошондой эле Нурланбек Шакиев Кыргызстанда Кыргызстандын борборунун Биринчи Май, Свердлов, Октябрь жана Ленин райондорунун атын чукул арада өзгөртүү керек деген сунушун айткан.

“Өлкөбүздө тилекке каршы көпчүлүк аймактарда башка тилде аталган жер-сууларыбыз бар. Биз ошолордун баарын тез арада кыргызчалашыбыз керек. Алсак баш калаабыз Бишкекте төрт район бар. Аларды кыргызчалоо керек”, — деп айткан Шакиев.

Бишкек шаарынын райондорунун атын өзгөртүү демилгесин буга чейин Бишкек шаардык кеңешинин депутаты Таалайбек Усубалиев да сунуш кылган. 

Усубалиев Бишкек шаарындагы  райондордун азыркы аталыштары “моралдык жактан эскирип, тарыхый миссиясын аткарбай калды” деп белгилеген. Ал ошондой эле атын өзгөртүүдө “улуттук идеологияны” эске алуу керектигин билдирип, райондордун аттарын төмөндөгүдөй кылып өзгөртүүнү сунуштаган.

Биринчи Май району — Турдакун Усубалиев же Жусуп Абдрахманов атындагы;

Свердлов району — Чыңгыз Айтматов же Манас атындагы;

Октябрь району — Сүймөнкул Чокморов же Байтик баатыр атындагы;

Ленин району — Абсамат Масалиев же Исхак Раззаковдун наамындагы район деп өзгөртүү сунушун киргизип, депутаттарга бул маселени кийинки сессияда кароону сунуштаган.

Орусиянын негативдүү жана ички саясатка кийлигишкен реакциясы 

Жогорку Кеңештин төрагасы Нурланбек Шакиевдин Бишкектеги райондордун атын өзгөртүү тууралуу билдирүүсүнөн кийин, Орусиялык Мамлекеттик Думасынын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары Светлана Журова комментарий берген. Ал Кыргызстан Украинанын жолу менен бара жатканын айтып, эгер бул кадам улана турган болсо президент Владимир Путин Садыр Жапаровго “кичинекей эскертүү” кылып коё турганын билдирген. 

“Бул нерсенин баары оңой эмес. Бул деген Кыргызстандын акыры орус тилин толугу менен чектөө үчүн жасаган алгачкы кичинекей кадамдары экенине шегим жок. Албетте, азырынча биз тараптан “мындай кылбагыла” деген өтүнүчтөр болушу мүмкүн, анткени бул Кыргызстанда жашаган орус элинин укуктарын бузаары шексиз. Анан кийинки этап — мектептерге өтүп, Грузиядагыдай көрүнүш кайталанат. Тилекке каршы, Грузияда жаштар орус тилин дээрлик билбейт. Украинадагы окуя да ушундан башталганын билебиз”, — деп айткан.

Ошондой эле Орусиянын мамлекеттик Думасынын өкүлү Журова бул маселе масштабдуу деңгээлде талкуулана турганын да белгилеген.

“Биз бул тууралуу Владимир Путинге отчёт беришибиз мүмкүн. Ал өзүнүн кесиптешине, Кыргызстандын президентине “кичинекей эскертүү кылып” коёт”, -деп билдирген. 

Белгилей кетсек, Светлана Журова Орусиядагы “Единая Россия” бийликчил партиясы менен депутат болуп шайланган. Ал ага чейин ар кандай министрликтерде жетекчилик кызматтарды аркалап келген. Мындан сырткары, Журова 2014-жылы мамлекеттик Думанын Эл аралык иштер боюнча комитетинин төрагасынын биринчи орун басары катары “Крым Республикасын Орусия Федерациясына кабыл алуу жана Орусия Федерациясын түзүү жөнүндө” конституциялык мыйзам долбооруна добуш бергени үчүн Евробиримдиктин санкциялар тизмесине киргизилген.  

Ошондой эле, 2018-жылдын октябрында ал Азербайжанда “Республиканын мыйзамдарын одоно бузганы жана Азербайжандын оккупацияланган аймактарына мыйзамсыз баргандыгы үчүн” – таанылбаган Тоолуу Карабак Республикасына жасаган сапары үчүн “персона нон грата” деп жарыяланган. 

“Биз эмне Орусиянын автономиясы белек?!” 

Светлана Журованын билдирүүсүнөн кийин бир катар Кыргызстандык активисттер бул түздөн-түз согуш менен коркутуу жана ички саясатка кийлигишүү экенин билдиришкен.

“Украинанын жолу менен бара жатасыңар”.  Орусиянын Конституцияга жана макулдашууларга каршы келген “кичинекей эскертүүсү”

Анткени, Кыргыз Республикасынын Баш мыйзамынын 1-беренесинде “Кыргызстан көз карандысыз, ички жана тышкы саясатын өзү аныктай турган мамлекет” деп так, даана жазылган. 

“Украинанын жолу менен бара жатасыңар”.  Орусиянын Конституцияга жана макулдашууларга каршы келген “кичинекей эскертүүсү”

Башкача айтканда, эч бир мамлекет Кыргызстандын ички саясатына кийлигишип, багыттарын сыноого укугу жок. Бул Кыргызстан мүчө болгон БУУнун “Мамлекеттердин ички иштерине кийлигишүүгө жол берилбестик жана  алардын көз карандысыздыгын, суверенитетин коргоо жөнүндө” декларациясында да белгиленген. 

“Украинанын жолу менен бара жатасыңар”.  Орусиянын Конституцияга жана макулдашууларга каршы келген “кичинекей эскертүүсү”

Декларацияга ылайык, эч бир мамлекет башка бир суверендүү мамлекетке кызыкчылыктарын ишке ашырууга баш ийдирүүгө же андан кандайдыр бир артыкчылыкка ээ болууга мажбурлоо үчүн экономикалык, саясий же башка чараларды колдоно албайт. 

Орусиянын Орто Азиядагы мамлекеттерге жасаган “кичинекей эскертүүлөрү” 

Буга чейин да Орусиялык “Комсомольская правда” деген өңдүү бийликчил маалымат каражаттарында Кыргызстандын саясатынын багытын сындаган жана коркуткан материалдар жарыяланып келген. 

Алардын көпчүлүгүндө “Украина эмне болду, унутпаш керек” деген сындуу терс пикирлер жана шылдың камтыган маалыматтар айтылган.

Орусия 2022-жылы февраль айында Украинанын аймагына согуштук максат менен бастырып киргенде, БУУнун курамына кирген мамлекеттердин баары Орусиянын аракетине баа беришкен. Дал ушул баа берүүдө Кыргызстан, Казакстан жана Өзбекстан сыяктуу мамлекеттер “нейтралдуу” позицияны карманган. Бул кадамдан кийин да Орусиялык бир катар ЖМКларда Орто Азия мамлекеттерине карата сын-пикир айтылган.

Мисалы, 2022-жылдын 21-ноябрь күнү Орусиянын мамлекеттик телеканалында өзүн саясат таануучу деп тааныштырган  Дмитрий Дробницкий Украинадан кийин Казакстанга кол салуу тууралуу айткан. Башкача айтканда, Кыргызстанга болуп жаткан Орусиянын коркутуусу алгачкысы эмес. 

Жыйынтык: Орусиянын Мамлекеттик Думасынын депутаты Светлана Журованын билдирүүсү Кыргызстандын Конституциясына жана эл аралык макулдашууларга каршы келет.  

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты