Депутат Түлөбаев Министрлер кабинетинин айыл чарба реформасы боюнча ишин сынга алды.

  • 11 месяцев мурун

Жогорку Кеңештин агрардык саясат, суу ресурстары, экология жана регионалдык өнүктүрүү боюнча комитетинин бүгүн, 22-майдагы, жыйынында  депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинетинин агрардык реформалар боюнча иштеринде жылыш болбогонун сынга алды.

-Эки жыл болуп бара жатат, күзүндө өкмөттүн иштешин көрөбүз. Мен өзүм өкмөттүн ишине баа берүү боюнча ойлонуп жатам. Кандай баа берсек болот, Акылбек Үсөнбековичке, айыл чарбасына, негизи эле реформаларына? Мен бир жылыш көрө элекмин азырынча. Айткан нерсеңердин баарын карап отурабыз, чыдап отурабыз. Иштесе иштеп, татыктуу нерсе берсин. Бербесе анда жыйыштыргыла,-деди депутат Балбак Түлөбаев.   

Сүрөт: Интернет булактарынан.

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты