Депутат Түлөбаев Эдил Байсалов баш болгон комиссияга кылмыш ишин козгоо боюнча арыз жазарын билдирди     

  • 2 недели мурун

Бүгүн, 27-ноябрда, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Балбак Түлөбаев Министрлер кабинети тарабынан сунушталган “Эмгек кодекси” боюнча долбоорду экинчи окууда кайра кайтарууну сунуштады.

Анын себеби бийик тоолуу райондордун жашоочуларына жеңилдиктер боюнча “деңиз деңгээлинен 1800 метр” деген аныктаманын кодексте “деңиз деңгээлинен 2000 метр” деп берилиши себеп болгон.   

-Мыйзамдын 120-беренесинин 5-пунктунун 1-подпунктуна “2000 метр” деген сөздөр “1800 метр” деп алмаштырылсын. Өкмөт ушуга чейин «1800 метр» деп, эмгек өргүүсүнүн 12 күндүгүн берип келген. Өкмөт ал токтомун жокко чыгаргандан кийин, ушул Кодекске таянып жатышат. Эгер азыр Кодексти ушундай кабыл алсак, бийик тоолуу райондордо жашагандар кыйналат. Ошон үчүн муну экинчи окууга кайра алып келип, “1800” деш керек.  Башкасында жазылып жатат дейт, ал эми Кодекс мыйзамдан бийик турат,-деди депутат Түлөбаев жыйында.

Депутаттар Улан Примов,  Динара Ашимова, Акылбек Түмөнбаев, Исхак Масалиев Балбак Түлөбаевдин пикирин колдоп, мыйзам долбоорун экинчи окууда кайтарууну суранды.

Депутат Ормонов ушундай өзгөрүү барбы же жокпу, ошону так айтууну суранды. Депутат Масалиев депутаттар тарабынан бир нече сунуш берилгенин, бирок “Эмгек кодексинин” долбооруна алар кирбегенин билдирди.

Социалдык өнүктүрүү министри Жылдыз Полотова алыскы бийик тоолуу райондор боюнча эмгек өргүүгө чыкканда гана “деңиз деңгээлинен 1800 метр” деп алынганын айтты.

Балбак Түлөбаев «башкы прокурорго кат жазам, башкы прокурор Жогорку Кеңештин токтомун аткарбагандыгы үчүн, Эдил Байсалов баштаган комиссияга, Социалдык өнүгүү министрине кызматын туура эмес аткаргандыгы үчүн кылмыш ишин козгосун. Өкмөттүн ичиндеги иретсиздикти жөнгө салып алып, анан мыйзам долбоорун алып келгиле» деди Түлөбаев.  

Депутат Түлөбаевдин сунушу өттү, “Эмгек кодекси” экинчи окууда кайра кайтарылды.

Эдил Байсалов — Министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары. Сунушталган «Эмгек кодекси» боюнча комиссиянын башчысы.

Сүрөт коллажы: Эдил Байсалов жана депутат Балбак Түлөбаев. Интернет булактарынан

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты