Депутат Сыдыков майыптыгы бар балдар тууралуу айткандарын коомчулук туура эмес түшүнүп алганын айтты

  • 1 месяц мурун

Жогорку Кеңештин 9-апрелдеги жыйынында депутат Бакыт Сыдыков кечээ, 8-апрелде, парламент комитетинде майыптыгы бар балдар тууралуу айткандарын коомчулук туура эмес түшүнүп алганын билдирди.

-Кечээ социалдык тармактарда майыптыгы бар балдар тууралуу менин айткандарым катуу талкууга алынып, ал түгүл мени Гитлерге салыштырып, фашист дешти. Мен пикир айткандарга ыраазылык билдирем, бирок алар мени туура эмес түшүнүп алышыптыр. Ошондуктан мен бүгүн чыгып айтып коюуну туура көрдүм. Эң негизги проблема эмнеде? Мен проблеманы айтайын. Медицинада башкы принцип бар, дартты дарылагыча, анын алдын ал деген. Бул аныктама азыр болуп көрбөгөндөй актуалдуу. Жыл сайын улам жаңы дарттар пайда болуп жатканына күбө болуудабыз. Аларды дарылоо кыйындап баратат.  Айрыкча, генетикалык, тукум куучулук дарттар, балдарды жабыркатып, үй-бүлөнүн гана эмес, коомчулук жана мамлекет үчүн да трагедия болууда. Кыргыз Республикасында жылына 150 миң ушундай бала төрөлүүдө. Алардын арасында айрым бөлүгүнүн гана кош бойлуу кезинде Бишкек жана Ош шаарларында жакшы жабдылган, эл аралык протоколдорго ылайык, жеке клиникаларда дарттан арылууга мүмкүнчүлүгү бар. Жеке клиникалардагы процедура жана анализдердин баасына мүмкүнчүлүгү жетпейт, көпчүлүгү ал жакка бара албайт. Кош бойлуулардын көп бөлүгү өздөрү билгендей, өздөрүнүн мүмкүнчүлүгү жеткендей текшерүүлөрдөн өтүүдө. Төрөткө чейинки клининг бул медициналык иликтөө комплекси, лабораториялык жана ультра изилдөө, кош бойлуулуктун дарттарын, тобокелдикти аныктайт, пренаталдык скрининг деталдуу изилдөө жыйынтыгын чыгарат.  

Дарттуу балдар ар бир үй-бүлөдө төрөлүп калышы мүмкүн. Кош бойлуу кезинде иликтегенден кийин тобокел топтогу кош бойлуулук боюнча  ата-эне гана ал баланы жарык дүйнөгө алып келүүнү чечет. Мына ушуну коомчулук түшүнбөй калды окшойт, баланы жарык дүйнөгө алып келүүнү ата-эне гана чечет, -деди Бакыт Сыдыков.

“Мен майыптыгы бар адамдарды өлтүрүп салуу тууралуу эмес, дарттын алдын алуу тууралуу айткам” деди депутат Сыдыков.  

Кечээ, 8-апрелде, Жогорку Кеңештин транспорт, коммуникация, архитектура жана курулуш боюнча комитетинин жыйынында Бактыбек Сыдыков майыптыкты алдын ала аныктай турган жолдорду издөөнү сунуштаган. Ал дарылоодон көрө илдеттин алдын алууда чыгым алда канча аз болорун  билдирген.

Социалдык тармактарда Бакыт Сыдыковдун айткандары катуу талкууга алынып, майыптыгы бар барлардын жана алардын ата-энелеринин гана эмес, коомчулуктун бүйүрүн кызыткан.  

Сүрөттө: Бакыт Сыдыков. kenesh.kg

Муну бөлүшүү

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты