Депутат Сурабалдиева жер мунапысы боюнча арыз кабыл алуу мөөнөтүн узартууну өтүндү

Бүгүн, 23-апрелде, Жогорку Кеңештин жалпы жыйынында депутат Элвира Сурабалдиева Бишкектин Биринчи Май районундагы Аска-Таш, Мурас-Оржо жаңы конуштарынын жашоочулары турак-жайларын мыйзамдаштырууда тоскоолдуктарга туш болуп жатканын айтып, жер мунапысы боюнча арыздарды кабыл алуунун мөөнөтүн күзгө чейин узартууну өтүндү.

-Биринчи май районундагы “Аска-Таш” конушунун тургундары кайрылып жатышат. Ошол конушта 1989-жылдан бери 257 түтүн жашап келет. Алардын ичинен, өкмөткө чоң ыраазычылык билдиребиз, 180 түтүн участогуна жана үйлөрүнө мамлекеттик акт берилген дейт, бирок калгандары ар кандай себептер менен бүгүнкүгө күнгө чейин ала албай жатабыз деп жатышат. Ошондо 2022-жылдан бери тиешелүү документтерди топтоп, топосъемка жүргүзүлөт, бирок 2024-жылы 14-апрелде өкмөттүн, мэрия өкүлдөрү келип, “силердин үйлөрүңөр кызыл сызыкка кирип кетиптир, номерлер туура эмес берилиптир” деп, ошондон бери ишибиз же ары, же бери жылбай, токтоп калды дейт. Бул адамдардын капа болгону, 5-майда легализация процесси бүтөт да.

Андан тышкары “Мурас-Ордодон” кайра кайрылып жатышат, бул маселени бир нече жолу айтып, сурандым эле, тургундар “биз отурукташып, бирок кызыл китеп ала албай жатканыбыздын себептери эмнеде деп” кайра-кайра суранышууда. Жер участоктор Ленин районунун акимиаты тарабынан чыккан, №266 токтомдун негизинде берилип, кийин жокко чыгарылып, участокторго арест коюлат. 2007-2009-жылдары кызыл китеп алган айрым тургундардын документтери жараксыз деп табылып, кайрадан жаңыдан документ алууга мажбурланып жатышат. Ошондой эле Свердлов районунан чыккан №85 П токтому, Ленин районунан №11 токтомунун негизинде алынган жер участокторго мыйзамдуу менчикке ээ болуу укугу тоскоолдуктарды жаратып жатат. Маселе эмнеде болуп жатат? Элдин капа болгону 5-майда легализация, жер амнистиясынын убакыт-мөөнөтү аяктайт, андан кийин биз эмне болобуз деп капа болушуууда. Майрамдар болуп, жетишпей калдык дешет. Ошондуктан, ушул мөөнөттү күзгө чейин жылдырып, жакшылап чечип берсеңиздер болот эле,-деди депутат Элвира Сурабалдиева.

Сүрөт: kenesh.kg

Муну бөлүшүү
Биздин иликтөөлөрдү колдоп, коррупция менен күрөшүүгө салым кошуңуз!

Окшош жаңылыктар

Журналисттик иликтөөлөр

Помочь проекту

договором оферты